МКК жана «Унаа» маммекемесинин жетекчилери кызматтарынан бошотулду

Мамлекеттик каттоо кызматынан башчысы Алмаз Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулду. Мамбетов бул кызматта бир жылга чукул иштеди, буга чейин ал Балыкчы шаарынын мэри болгон.

Ал «Азаттык», «Клоопа» жана OCCRPнин Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу 2019-жылы биргелешип чыгарган журналисттик иликтөөсү жарык көргөндөн кийин башталган кыргыз паспортторун мыйзамсыз берүүгө байланыштуу чуунун шартында кызматтан кетти.

Ошол эле жылы иликтөөнүн фигуранттарынын бири Айэркен Саймаитиге Эркин Самятов деген ысым менен 2003-жылы мыйзамсыз паспорт берилген факты аныкталган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2019-жылы жасалма паспортторду берүү боюнча 34 учур катталган. Кыргыз паспорттору чет элдик кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн, жалданып адам өмүрлөрүн кыйган кылмышкерлерден жана башка бедели күмөндүү адамдардан табылган.

«Унаа»

Мамбетовдон тышкары, кызматынан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчысы Алымжан Козубаев да бошотулган. Бул чечимди Коопсуздук Кеңешинин сунушу менен өкмөт кабыл алган.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мамлекеттик мекемедеги системдүү коррупцияга каршы күрөшүү боюнча паландалган иш-чаралардын жарымынан көбү аткарылбай калганын билдирди.