Сауд Арабиядан учуп келген калган 139 жаранда коронавирус аныкталган жок

Коронавирусту жуктуруп алган 3 кыргызстандык менен бир учакта келген жарандардан оору аныкталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдын 19-мартта өткөн брифингинде Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымдады.

Кайрадан такталган маалымат боюнча Сауд Арабиядан келген учакта 144 адам болгон: алардын үчөөсүндө коронавирус чыккан. Мындан сырткары 2 жаран Өзбекстанга чыгып кеткени маалым болду. Чолпонбаевдин айтымында, Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөгө бул боюнча маалымат жөнөттү.

Коронавирус аныкталган жок 139 жаран да обсервацияга алынган. Ошондой эле саламаттыкты сактоо министри алар коронавируска дагы бир нече жолу анализ беришерин билдирди.

Расмий маалыматка ылайык Сауд Арабиядан келген жүргүнчүлөрдүн 19у Бишкекте, 8и Баткен облусунда, Ош облусунда 64ү, 48и Жалал-Абад облусунда, 4 Чүй облусунда, ал эми Нарын жана Ысык-Көл облусттарында бирден жаран обсервацияга алынган. Ал эми жалпысынан Кыргызстанда обсервацияга алынган жарандардын саны 528ге жетти.

Ал эми Сауд Арабиядан 12-мартта келген 3 кыргызстандык коронавирус жуктуруп алганы 18 -мартта белгилүү болду. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканада обочого алынган.Коронавирус аныкталган жарандар 70, 62 жана 46 жашта, алардын баары Сузак районунун Благовещенск айылынын тургундары.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция