Кыргызстанда 528 адам обсервацияга алынган — Саламаттыкты сактоо министри

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, Кыргызстанда учурда 528 адам обсервацияга алынган.

12-мартта Сауд Арабиядагы умрадан келген 3 кыргызстандыктан коронавирус аныкталганга чейин обсервацияга алынгандардын саны 386ы түзгөн. Кийинчерээк аларга кичи ажылыктан келген 142 жүргүнчү кошулган.

«Учурда ал жүргүнчүлөрдүн 19у Бишкекте, 8и Баткен облусунда, Ош облусунда 64ү, 48и Жалал-Абад облусунда, 4 Чүй облусунда, ал эми Нарын жана Ысык-Көл облусттарында бирден жаран обсервацияга алынган», — деди министр.

Чолпонбаев республикалык штабдын 18-мартта өткөн брифингинде Сауд Арабиядан келген 3 кыргызстандыктан коронавирус аныкталганын билдирген. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканада обочого алынган.

Коронавирус аныкталган жарандар 70, 62 жана 46 жашта, алардын баары эркек кишилер. Баары Сузак районунун Благовещенск айылынын тургундары.

Районго 18-мартта өзгөчө кырдаал киргизилди. Ага ылайык, бир нече айылга блок-пост коюлуп, аймакта той-ашка, адамдардын чогулуусуна тыюу салынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция