Айеркен Саймаитиге байланышкан жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия 18-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 7 айдан бери жүргүзгөн иликтөөсүнүн корутундусун тааныштырды.
Комиссияга эл өкүлү Талант Мамытов төрагалык кылып, 12 депутат мүчө болгон. Бирок комиссиянын акыркы курамында болгону сегиз депутат калган. Алар: Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев, Закир Шарапов, Данияр Төлөнов, Жаныбек Бакчиев жана Тынчтык Шайназаров.
Ал эми буга чейин аталган комиссиядан Искендер Матраимов, Алтынбек Сулайманов, Алмазбек Эргешов жана Мирлан Жээнчороев чыгып кеткен. Депутат Жээнчороев өз чечимин комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен макул болбогондугу менен түшүндүргөн.
Маанилүү: Депутаттык комиссия «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана Kloop басылмасы даярдаган Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу иликтөөдө аты аталган Матраимовдордун 700 млн долларга эч кандай тиешеси жок деген жыйынтыкка келди. Комиссиянын токтомун 71 депутат колдоп, 1 депутат каршы добуш берди.
Депутаттык комиссиянын корутундусунда такталбаган, шек жараткан учурлар бар экенин эки гана депутат — Дастан Бекешев менен Рыскелди Момбеков белгиледи. Ал эми көпчүлүк эл өкүлдөрү комиссиянын иши ачык жана ишенимдүү болгон деген ойдо.
Эски фактылар
Мамытов депутаттык комиссиянын баяндамасын дээрлик бир саат окуп, 6 пунктудан турган корутундуну тааныштырды. Ал 2014-жылдын август айында мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери КР мыйзамдарын бузуу менен Кытай жараны Айеркен Саймаитиге Саймиатов Эркин Салимович деген ат менен паспорт бергенин билдирди. Андан сырткары Айеркен Саймаитиге карата башка кытай жараны ал 3 млн 28 миң 168 доллар акчасын алдап алганы боюнча арыз жазган, бирок Саймаити жасалма паспорт менен Кыргызстандан чыгып кеткени ырасталган. 2017-жылы 23-майда Саймаитиге Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси «Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок айыпкердин турган жери такталбагандыктан 2017-жылы 23-июнда иш убактылуу токтотулган.
«Исмаил Ата» фондусуна которулган күмөндүү акчалар тууралуу
Депутат Дастан Бекешев аныгында «Исмаил Ата» фондуна канча каражат которулганын сурады. Талант Мамытов ЖМКлардын иликтөөсүндө аталган фондуга 3 миллион доллар которулганы айтылганын, бирок депутаттык комиссия фондго болгону 199 миң доллар которулганын тастыктаганын билдирди.
«Текшерүүдө жалпысынан 199 миң доллар гана которулганы тастыкталып, калган документтер боюнча маалыматтар жалган болуп чыккан», — деди Мамытов.
Ал эми финполициянын башчысынын орун басары Эмил Жамгырчиев «Исмаил Ата» фондуна 199 миң долларды башка эле түрк жараны Бумаилиаму Вуфулинин банктагы эсеби аркылуу которгонун айтып, депутаттарды ишендирди.
«Түрк жараны акчаны Вуфули аркылуу 2016-жылы 25-августта которгон, ал жерде жардам берүү гана максатында жөнөтүлгөн. Ал документ аркылуу дагы тастыкталган», — деди Жамгырчиев.
Депутат Бекешев бейтааныш киши өмүрү көрбөгөн фондуга кантип 200 миң долларды которуп коёруна шек санады. Бирок, Жамгырчиев чет жактан жардам иретинде Кыргызстандын жарандарына акча которулган фактылар өтө эле көп экенин айтты.
Журналисттик иликтөө чыккандан кийин Райымбек Матраимовдун депутат агасы Искендер Матраимов дагы «Исмаил Ата» фондуна которулган акчалар кайрымдуулук багытында которулган деп элди ишендирүүгө аракет кылган.
Саймаитиге байланыштуу ишти тергеген УКМКнын сурагында күбөлөрдүн бири Рустам Тилляев, «Азаттыкта» биринчи видео чыккандан кийин Саймаитиге аялы Вуфули Бумаилиаму чалып, күйөөсү менен урушканын айткан
«Мени бул иштериңе аралаштырба, сен менин дагы өлүмүмдү каалайсыңбы? Мен сага керек болбосом, балдарыма керекмин, бардыгы жаш деди», — деп күбө Бумаилиамунун айткандарын келтирген.
Күбө билдиргендей, Вуфули күйөөсү Али Токтакуновго берген документтердин арасында анын атына жазылган дүмүрчөктөр да болгону үчүн чатакташкан.
Күмөндүү күбөлөрдүн шектүү көрсөтмөлөрү
Талант Мамытов күбөлөр Эркин Сопоков менен Рустам Тиллабаев аттуу жарандардын көрсөтмөсү алар үчүн күтүүсүз болгонун белгиледи. Сопоков тергөө органдарына берген көрсөтмөсүндө Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисти Али Токтокуновго 100 миң доллар бериши керек болгонун, бирок анын 50 миң долларын бердим деп айтканын билдирген.
Депутат Рыскелди Момбеков тергөөдө күбө катары өтүп жаткандардын көрсөтмөлөрүнүн ачыкка чыгып кетиши тергөөнүн купуялыгына терс таасир бербейби деп кызыкты. УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу депутаттык комиссия күбөлөрдүн видеосун өз статусуна таянып туруп сурагандыктан көрсөтүүгө мажбур болгонун маалымдады.
Ал эми Талант Мамытов Али Токтакунов күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча өзү сотко келип алар менен беттешип такташышы керектигин билдирди. Ал андан сырткары күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эмне үчүн ачыкка чыкканын мындайча түшүндүрүп берди.
«Биз аталган күбөлөр кандай шартта көрсөтмө берди, өз ыктыяры менен бердиби, же ур-токмокко алындыбы деп шектенип комиссия өзүбүз көрөлү, ошондо гана айтылгандарга ишенебиз деп чечим кабыл алдык», — деди ал.
Эркин Сопоков Айэркен Саймаити Стамбулда өлтүрүлгөн убакта Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу болгон. Саймаити атып өлүрүлгөн отелдин кафесинин жанында Сопоковдун унаасы табылган болчу. Кыргыз дипломатиялык миссиясы башында бул алардын автоунаасы экенин четке кагып, андан кийин гана мойнуна алышкан.
Сопоков автоунаасы кантип Саймаити өлтүрүлгөн жерге жакын турганын түшүнбөй тураарын билдирген. Кийинчерээк активисттер Сопоков менен Саймаити тааныш экенин чогуу түшкөн сүрөттөрү аркылуу далилдеп беришкен. Саймаити менен дагы башка кыргыз аткаминерлеринин жана саясатчыларынын байланышы бар экени белгилүү болгон. Саймаитинин өлүмүнөн кийин Сопоков кызматтан алынып, ага карата үч кылмыш иши козголуп, ал үй камагына алынган.
Сопоков күбө, ал эми Али Токтакунов кылмышка шектүүбү?
Эл өкүлү Рыскелди Момбеков депутаттык комиссиянын корутундусундагы айрым учурларды сынга алды. Мисалы, документте Эркин Сопоков күбө, ал эми журналист Али Токтакунов кылмышка шектүү катары көрүнүп калган.
«Сопоков күбө болуп, Токтакунов кылмышка шектүү болуп калабы? Комиссия ушундай чечтиңерби?» — деп ал суроо салды.
Бирок Талант Мамытов корутундуда кимдир бирөө шектүү, же күнөөлүү деп жазылган эмес деп актанды
«Бул жерде эч кимди шектүү деп жазган жокпуз. Ошол көрсөтмөлөрдүн негизинде объективдүү текшерүүлөр болсун, анын жыйынтыгында укуктук баа берилсин деген маселе болуп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен аныкталат, ага чейин биз бул, же тигил күнөөлүү дей албайбыз», — деди ал.
Журналист Али Токтакунов аны Саймаитиден акча алды деген айыптоолорду четке кагып, журналисттер акча эмес кылмыш иштери болгонун ырастай турчу жүздөгөн документтерди алганын билдирген. Андан сырткары ЖМКлар Бажыдагы коррупциялык иштерди ашкерелеп бергенине карабастан, өкмөт бул иштердин аягына чыгаруунун ордуна, журналисттерди калпычы кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатканын сындаган.
«Бажы менен Чек ара кызматынын башчысы да жоопко тартылсын»
Депутат Умбетали Кыдыралиев депутаттык комиссия көрсөткөн видеодон Өзбекстан менен Тажикстандан нак акчалар чек ара аркылуу мүшөктөп өтүп жатканы көрүнүп турганына токтолду. Эске салсак, жыйын учурунда депутаттык комиссия «Элдик медиа» жана «5-канал» даядаган материалдарды Кыргызстанга Өзбекстандан доллар мүшөктөп кирип жатканын ырасташ үчүн далил катары көрсөткөн.
Кыдыралиев мындай иштерге жол берген бажы менен чек ара кызматынын жетекчилери да жоопко тартылышы керектигин билдирди.
«2011-жылдан 2017-жылга чейин иштеген Ош, Баткендин чек ара жетекчилери, УКМК менен Бажы кызматынын жетекчилери дагы жоопко тартылсын», — деген Кыдыралиев депутаттык комиссия өз корутундусуна ушундай пункту кошушу керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар боюнча иликтөөдө бул иштерге Райым Матраимовдун тиешеси бар болушу мүмкүн экени айтылган. Өз кезегинде Матраимов 2007-2013-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын Оштогу башкармалыгынын жетектеген. 2013-2015-жылдары Бажы кызматынын Түштүк башкармалыгынын башчысы, 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгын аркалаган.
«Акчаны четке чыгарууда Кыргызстан пайда тапты»
Ал эми депутат Мирлан Бакиров башка мамлекеттин акчалары Кыргызстан аркылуу чет жакка чыгышынан өлкө пайда гана көргөнүн баса белгиледи.
«Өзүңүздөр маалымат алгандай, башка мамлекеттен келип которулган каражат биздин экономикага иштеди, корутундуда жазылгандай ал жеке ишкерлердин каражаты болчу», — деди ал.
Мындай пикирди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов дагы бышыктады. Анын айтымында, Кыргызстанда 2017-жылга чейин чет жакка бир киши каалагандай көлөмдө акча которуп, анын булагын көрсөткөн эмес. Башкача айтканда ар ким каалаган суммасын банк аркылуу чет жакка чыгара алган. Бирок 2018-жылдан тарта ЕАЭБдин талаптарына ылайык, 100 миң доллардан ашкан каражатты которууда анын келип чыгуу булагын көрсөткөн документ талап кылына баштаган.
Бакиров 700 млн доллар чуусу кызыкдар тараптардын атайылап жасаган иши экенине ишенерин жыйында айтты.
«Бул негизи элдин башын айландырууга багытталган, атайын кызыкдар тараптан даярдалган маалымат экенине ынандык. Көп жумуш болуптур, комиссиянын түзүлгөнү туура болгон экен, көп бүдөмүк суроолорго жоопторду алдык», — деди депутат.
«700 млн долларга Матриамовдордун тиешеси жок»
Депутат Марлен Маматалиев сөз болуп жаткан 700 млн долларга Матриамовдордун тиешеси бар бекен деп депутаттык комиссиянын башчысы Талант Мамытовго суроо салды.
Мамытов ЖМКлардагы иликтөөдө сөз болгон акчалар Матраимовдорго кымындай да тиешеси жок экени комиссиянын ишинде ырасталганын айтты.
«Алар Кыргызстандын “Кара-Суу” базарынын жана Өзбекстандын “Абу-Сахий” базарынын жеке ишкерлеринин каражаттары экени аныкталган. Комиссия дагы ушундай жыйынтыкка келди», — деди ал.
Саймаитинин иши кыскартылат
Айеркен Саймаити баштаган бир нече кишилердин чет жакка акча которуусунан мамлекет 6 млрд сом салык албай калды деп кылмыш иши козголгон. Бирок шектүү киши өлүп калгандыктан ал иштер мыйзам боюнча кыскартылышы керектигин УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу жыйында айтты.
Саймаитиге карата кылмыш иши башында каржы полиция тарабынан козголуп кийин 2019-жылы УКМКга өткөрүлүп берилген.
УКМКнын тергөө башкармалыгынын кабарлашынча жогоруда сөз болгон фактылар боюнча үч кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Алар: Адам өлтүрүүгө аракет кылуу [Саймаитинин өлүмү боюнча], кылмыштуу жол менен алынган каражаттарды адалдаштыруу жана салык төлөөдөн качуу. Салык төлөөдөн качуу беренеси менен козголгон кылмыш ишинде Саймаитиге гана айыбы сыртанын угузулган. Калган иштер боюнча эч кимге айыбы угузула элек, шектүү катары жоопко тартыла элек. УКМКнын ырасташынча ага негиз жок.
Депутаттык комиссия өз корутундусунда Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнө кимдер кызыкдар экенин так билдирген жок.
Айеркен Саймаити деген ким?
Айэркен Саймаити — уйгур тектүү кытайлык бизнесмен — ал Кыргызстан аркылуу ири суммадагы акчаларды адалдоо тууралуу журналисттик иликтөөнүн негизги фигуранты.
Саймаити 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында киши колдуу болгон. Бирок каза болгонго чейин ал Абдукадыр кланына акча адалдап берип жүргөнүн айтып берген. Анын айтымында, «көмүскө курьерлердин» жана банк аркылуу акча которуулардын жардамы менен беш жыл ичинде Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарылган.
Ал журналисттерге бул операцияларга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да тиешеси бар болгонун айтып берген. Саймаити Матраимов Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүн шарттаган бажыдагы коррупцияны колдоп турганын билдирген.
Курьерлер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын Кыргызстан аркылуу эч тоскоолдуксуз «чыгарып», андан кийин Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму акчалардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө караштуу «Исмаил Матраимов» фондуна которуп турушкан.
Журналисттердин иликтөөсү коомдо резонанс жаратып, өткөн жылдын ноябрь айында бир нече миң жаран коррупцияга каршы тынчтык митингине чыккан. Чогулгандардын негизги талаптарынын бири — Райымбек Матраимовду камоо болгон.