Ошто коронавирус чыккан аймактарга «карантин» жазуусу илинет

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, COVID-19 аныкталган аймактарга «карантинге жабылды» деп жазылган тактайча илинет. Бул чечим 18-июнда коронавирусту алдын алуу үчүн атайын түзүлгөн штабдын отурумунда кабыл алынды.

Аталган чечимдин ишке ашырылышын санэпидемстанциянын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлгө алышат.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» билдиргендей, «карантинге жабылды» тактайчалар жеке ар бир оорулуу жарандын үйүнө эмес, көп кабаттуу үйгө же көчөлөргө илинет. Мындай чара жарандардын этият болуп жүрүүсүнө багытталган.

«Себеби азыр коронавирустун акыркы учурлары каяктан чыкканы билинбей жатат. Ошондуктан ушул жолго барыш керек болуп жатат», — деди Абсаттаров.

Ошондой эле басма сөз катчы оорулуулар менен карым-катнашта болгондордун баары обсервацияга эмес, кээ бирлери үй карантинге чыгарылганын кошумчалады.

19-июнга карата Ош шаарында коронавирустун жалпы 307 учуру катталды. Алардын ичинде 219 адам илдеттен айыгып, 5 бейтап каза болду.