«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюму гумандык көрсөтүү менен укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан бошотууну суранып өлкө жетекчилигине кайрылды.
Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, «жакында 70ке чыга турган» Аскаров катуу ооруп калган. Ал ЖАМКтын Жаңы-Жер айылындагы №19 мекемесинде өмүрү өткүчөктү эркинен ажыратуу жазасын өтөп жатат.
Укук коргоочулар Аскаровго акыркы жолу барышканда «өтө арыктап кеткен» укук коргоочу жылынууга аракет кылса да буту дайыма үшүп, жылыбай атканын айтып арызданган.
«Ал көпкө тура албайт, анын көздөрү чымырап, башы айланып жатат. Ал уктай албайт, жөтөл жана жаман түш кыйнап койду, адатта таңкы 4тө ойгонот. Кээде дене табы кескин көтөрүлүп, кайра түшүп кетип, тердей баштайт. Ал оор дем алып жатат, төшү ооруп жатат», — деп укук коргоочулар Аскаровдун абалын сүрөттөп беришти.
Алардын пикири боюнча, мамлекетте жаза өтөө шарты эл аралык укуктун нормалары менен жалпы таанылган принциптерине туура келбейт. Ошол эле учурда «коронавирус жуктуруулардын айынан дүйнө жүзү боюнча камактагылар пенитенциардык мекемелерден бошотулуп жатат».
ЖАМКтын басма сөз кызматы укук коргоочунун ден соолугунун начарлаганы тууралуу маалыматты четке кагып, аларда абактагыларды дарылоо үчүн «баары бар» экенин билдиришти.
«Жаңы-Жер айылындагы мекеме заманбап шарты бар заманбап имарат, ал бардык стандарттарга жооп берет. Врачтар бар, дары-дармек бар. Бардыгы көзөмөлдө. Ал жакта видеокамералар орнотулган, ар бир кыймыл катталып турат», — деп билдиришти ЖАМКтан.
Мындан тышкары, ЖАМКтан билдирүүсүнө караганда, эгер Аскаровдун ден соолугу начарлап кете турган болсо, ал мамкызматтын «борбордук ооруканасы жайгашкан №47 колониясына которулушу мүмкүн».
Басма сөз кызматтан кошумчалашкандай, ЖАМКтын мекемелериндеги соттолгон адамдардын арасында бир дагы пневмония, COVID-19 менен ооруган учур катталган эмес, «абал туруктуу».
Укук коргоочулар Конституциянын 21-беренесине таянып жаташыт, ага ылайык, «ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ».
«Конституциянын Преамбуласында мамлекеттин жогорку баалулуктар принцибине берилгендиги бекитилген — адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс. Улууларды урматтоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесинин 2-бөлүгүндө бекитилген. Камакта кармоо жайларында улгайгандар болбошу керек», — деп эсептешет укук коргоочулар.
Ушуну менен укук коргоочулар пандемия маалында Аскаровду түзөтүү мекемесинен бошотууну экинчи жолу суранып жатышат. Адам укуктары жана прессанын эркиндиги үчүн чыгып келген бир нече ири эл аралык уюмдар 2020-жылдын 31-мартында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, коронавирус жуктуруп алуу коркунучунан улам абактагы кары адамдарды, ошондой эле Аскаровду бошотууну суранышкан.
Юристтер өз кайрылуусунда ал учурда БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин пикирин «Кыргызстандын бийлиги этибарга албай койгонун» эскеришти. Кайрылууда ал 2010-жылы кармалгандан кийин «соттолгон укук коргоочунун көптөгөн оорулары ага карата жасалган кыйноолор жана катаал мамиледен улам өөрчүп кеткен» деп айтылат.
10-июлга карата өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруунун 9 358 учуру катталды, анын ичинен 3 134 адам айыгып чыкты, ал эми 112 адам кайтыш болду.
Март айынан бери Саламаттык сактоо министрлиги келип чыгуу себеби тактала элек жана коронавируска карата тести терс жыйынтык берген пневмониясы бар 350 бейтап каза тапкан учурду каттады. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жана ооруканадан сырткары пневмониянын статистикасын бириктирүүнү убада кылганы, бирок азырынча аны кыла элек.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-майда Молдовановкадагы №27 колониянын төрт кызматкеринде коронавирус аныкталганын ырастап берген. Анын айтымында, алар Бишкектеги инфекциялык ооруканада дарыланышкан — алардын абалы жакшы деп бааланган. Бирок ЖАМК бул маалыматты төгүнгө чыгарган.
Аскаров деген ким?
Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон.
Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган. Комитет Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарууну талап кылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин андай боло элек.
ТЕМА БОЮНЧА: Жогорку сот Азимжан Аскаровдун өкүмүн күчүндө калтырды