Укук коргоочулар пандемияга байланыштуу Аскаровду жана башка кары адамдарды бошотууну талап кылышты

Эл аралык укук коргоочу Amnesty International, Civil Rights Defenders, Front Line Defenders, Human Rights Watch жана Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюмдары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго Азимжан Аскаровду бошотууга чакырып кайрылышты, анткени ал коронавирус жуктуруп алуу коркунучунда турат.

«Биз укук коргоочу жана журналист Азимжан Аскаровдун эркиндигин ажыратуу уланып жатканына көңүлүңүздү бурдургубуз келет. Биз сизди аны мүмкүн болушунча эртерээк бошотууга чакырабыз. Ал бошотулганга чейин анын ден соолугун коргоо боюнча чараларды көрүүгө жана ага жеке гигиенага, кринингге, муктаждык болсо, медициналык жардамга жеткиликти камсыздап берүүнүнү суранабыз», — деп айтылат укук коргоочулардын кайрылуусунда.

Кайрылуунун авторлору Аскаров 68 жашта экенин жана узак жылдар бою жүрөк жана өпкө ооруларынан жабыркап, «тиешелүү жана жетиштүү түрдө дарылана албай келе жатканын» белгилешет.

«Коронавирус эпидемиясынын шартында ал жогору коркунучта турган адамдардын тобуна кирет», — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле укук коргоочулар эркиндиктен ажыратуу жайларында болуп аткандардын «жайгашуусу чакан болгондуктан» — бул аларга бири-биринин арасында бир жарым метрлик аралыкты сактоого мүмкүндүк бербесин айтышкан. Эркиндиктен ажыратуу жайларында медициналык тейлөө талаптагыдай деңгээлде көрсөтүлбөйт.

Буга байланыштуу укук коргоочулар камактагылардын санын жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу, көзөмөл астында бошотуу жана башка эркиндиктен ажыратууга байланыштуу эмес чараларды колдонуу менен азайтууну талап кылышууда.

«Коронавирустук инфекциясын жуктурууда кошумча башка ооруларын күчөтүп алуу коркунучунда тургандар, жашы өтүп калгандагы жана коронавирустун шартында ден соолуктары коркунучта болгон адамдар мындай бошотууларга талапкерлерледин катарында болушу керек», — деп айтылат укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо кыймылы муктаждыктары өзгөчө камактагы адамдарды бошотуу суранычы менен өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды.

«Бул оорулуу, жашы 60 өткөн, аялдар, майып жана жашы жете элек адамдар. Бул өлкөнүн жабык мекемелеринде өлүмдүн санынын өсүп кетишин болтурбоо үчүн барууга туура келчү маанилүү кадам», — деп айтылат кайрылууда.

Аскаров деген ким?

Азимжан Аскаров — милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсү менен белгилүү болгон Кыргызстандын түштүктүк укук коргоочусу.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Милиционерди өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын 15-сентябрында өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок ал тагылган күнөөнү мойнуна алган эмес.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган. Комитет Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарууну талап кылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин андай боло элек.

Апрель айында Жогорку сот анын ишин карап, анын тагдырына байланыштуу маселени бирото чечиши керек болчу. Бирок сот өлкөдөгү коронавирустун пандемиясынан улам майдын башына жылдырылган.