Республикалык штаб 23-июлда коронавирустан 1031 бейтап айыкканын кабарлады. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 365.
Ошондой эле, илдеттен Ысык-Көл облусунда — 149, Ош шаарында — 117, Жалал-Абад облусунда — 109, Ош облусунда — 79, Чүй облусунда — 78, Талас облусунда — 65, Нарын облусунда — 36 жана Баткен облусунда — 33 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.
Жаңыдан айыгып чыгарылгандардын 346сында COVID-19 лабораториялык тастыкталган, калган 685 бейтапта илдет клиникалык эпидемиологиялык тастыкталган.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 16 791 бейтап айыкты — алардын ичинде 1 160 медкызматкер бар.
Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 30 126га жетти. Учурда ооруканаларда 13 201 бейтап калууда.