Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылындагы күйдүргү оорусуна шектелген жети тургун 14-августта бейтапканадан чыгарылды. Мындан ары алар амбулатордук түрдө дарыланууну улантышат.

«Жети бейтапта лабораториялык жактан күйдүргү жарасы аныкталган жок. Бирок ошентсе да сибирь жарасы аныкталган бейтап менен байланышта болгондугу үчүн дарыланууну улантышат», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Буга чейин 11-августта Тогуз-Булак айылынын сегиз тургуну күйдүргү оорусуна шектелип бейтапканага жаткырылган. Анын биринен сибирь жарасы лабораториялык жактан тастыкталган. Ал күйдүргүнү 25-июлда союлган малдан жуктурган. Малды союуга жалпы тогуз адам катышкан.

Мындан сырткары тогуз адам менен байланышта болгон жана малдын этин жеген 288 адам аныкталып, ооруну алдын алуу максатында аларга да дарылар берилген. Мындан улам Тогуз-Булак айылы 18-августка чейин карантинге алынып, мал алып кирип-чыгуу токтотулган.

Ошондой эле, изилдөөнүн жыйынтыгында күйдүргү мал союлган жердеги топурактан да аныкталган. Күйдүргү чыккан аймакка атайын топ келип залалсыздандыруу иш-чараларын жүргүзгөн.

Ал эми күйдүргү аныкталган малдын ээсине сибирь жарасына каршы эмдетпегендиги үчүн 5 500 сом айып пул салынып, ушундай эле өлчөмдөгү айып пул Кара-Суу районунун мал доктуруна да төлөө милдеттендирилди. Себеби ал Ош облустук ветеринардык инспекциясына эмдетилбеген мал тууралуу өз убагында маалымат берген эмес.