Милициянын подполковниги алтын уурдоого шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын подполковниги далил буюмду уурдоо тууралуу иш боюнча кармалганын маалымдады. Кармалган кызматкер — кызматтын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ал алтын уурдоого шектелүүдө — бул иш боюнча 22-августта кызматтын дагы үч кызматкери кармалып, УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бул милиционерлер июль айында баңгизат жана баалуу металлдарды жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды кармашкан.

УКМК билдиргендей, аталган кызматтын кызматкерлери кылмыш иште далил буюм болгон үч килограммдан ашуун алтынды өздөрүнө ыйгарып алышкан. Мындан тышкары, алардын иш бөлмөлөрүндө мыйзамсыз сакталган баңгизаттар табылган. «Уурулук» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча тергөө амалдары башталды.