Көчө фитнеси — Street Workout — боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионаты 30-августта Бишкекте өттү. Анда спортчулар турниктерде жана төрт кырдуу устунда салмагына салып ойноодо денесин башкара алуу жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

Street Workout боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты 30-август күнү кечинде Бишкектеги №8 орто мектептин атайын спорттук аянтчасында өттү. Мелдештерге 16 спортчу катышты.

Катышуучулар фристайл, турникке тартынуу жана төрт кырдуу устунда салмагына салып ойноо сыяктуу физикалык жана акробатикалык көнүгүүлөрдү аткарышты. Үч калыс алардын аткарууларынын оордугун, сапатын жана спортчулардын чыдамкайлыгын баалап турушту.

Биринчи орунга Айдар Татаев ээ болду — ал медаль, ардак грамотасын жана 20 миң сом алды. Татаев воркауттун эң оор элементтеринин бири — «Кудайдын басышын» аткарды — анда спортчу снарядды кармоо менен горизонталдык абалда болуп, буттарын алмаштырат.

Skrinshot-31.08.2015-163226

Экинчи жана үчүнчү орундарды – Карек Абылгазиев менен Камиль Мырзабеков ээлешти, алар медалдар жана дем берүүчү белектер менен сыйланышты.

Абылгазиев 100 доллар өлчөмүндөгү көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү байгесин алды. Көрүүчүлөргө анын турникке бир колу менен чыгып, тартынып жаткан маалда алакандары менен кол чапкандыгы жана бир турниктен экинчисине секирип аткарган номуру абдан жаккан.

Skrinshot-31.08.2015-163017

Үчүнчү орунга ээ болгон Камиль Мырзабеков спортчу колдоруна гана таянып горизонталдык абалда турган «планш» деп аталган элементин аткарды. Көрүүчүлөрдү Мырзабеков горизонталдык абалда турганда анын үстүнө чыккан өспүрүмдү көтөрүп тургандыгы таң калтырды.

street-workout_1 (1)

Эң жаш катышуучунун курагы – 14 жаш, а эң улуусунуку – 50 жаш болду.  Эң улуу катышуучу Алихан Инаркиевге 100 доллар жана медаль тапшырылды.

Кээ бир катышуучулардын айтымдарында, алар өз трюктарын көрсөтүүгө анчалык деле көп даярданышкан эмес.

«Калыс деген калыс, аны менен талашып-тартышууга болбойт. Убакыт аз болуп калды, болгону үч гана күн даярдангам», — деди Абылгазиев.

Чемпионатта 100гө жакын көрүүчү болду. Алардын арасында белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев болушуп, иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөштү.

Мелдештер Эмгек министрлигинин жана башка демөөрчүлөрдүн колдоосу астында өткөрүлдү.