Бишкек мэриясы «Мадина» кездеме базарынын соодагерлеринин ишин токтотуп, өздөрүн жакында курулган, коңшулаш жаңы базарга көчүүгө мажбурлап жатат. Ал базар президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге байланышы бар курулуш компанияга тиешелүү.
Кадастрдагы документтерге ылайык, жаңы базардын ээси «Ордо Курулуш Компани» ЖЧКсы.
«Биз жакын арада сатып алдык. Жашыра турган эч нерсе жок. Базардын ээси Козуев Алтынбек Үркүнбаевич. Мен — ошол кишинин өкүлүмүн, бардык суроого мен жооп берем», — деп билдирди, соодагерлер менен жолугушууда жаңы базардын директору Алишер Абдилазизов.
Козуев — «Ордо Курулуш Компанинин» кожоюну жана жетекчиси. «Клооп», OCCRP жана Temirov Live басылмаларынын маалымат булактары аны Туманбаевдин тарапташы деп айтып келишет. Козуев компанияга 2026-жылы июндан тартып ээлик кыла баштаган. Буга чейин базар Туманбаевдин дагы бир тарапташы Нурлан Чыныбековго таандык болчу.
Президенттин Иш башкармалыгы Козуевдин компанияларына ири курулуш долбоорлорун берген. «Ордо Курулуш Компани» Кыргызстандагы эң чоң «Бишкек-Арена» стадионун куруп жатат. Козуев тең негиздөөчү болгон «Иншаат Строй Билдинг» компаниясы болсо президенттин «Ынтымак Ордо» хансарайын курган жана Караколдогу аэропортту реконструкциялаган.
Соодагерлерди жаны базарга көчүрүүгө дагы Туманбаевдин салымы бардай.
Бишкек мэриясы 3-июлда «Мадинага» «оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү жана курулуш иштерине» байланыштуу базарды бошотуп, ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылган билдирүү жөнөткөн. Бул иштер канчага созулат, ордуна эмне курулат — так айтылган эмес.
«Клооп» кепке тарткан соодагерлердин айтымында, мындан көп өтпөй базардагы ишкерлердин тизмеси такталып, каттоо башталган. Каттоону базардагы ишкерлерге кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн президенттин Иш башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.
«Кандайдыр бир каттоо жүргүзүшкөн. Санашты окшойт, билбейм, ким эмне сатат, кимдин колуна келишими бар, ким ижарада отурганын», — дейт «Клооп» маектешкен сатуучу.
Дагы бир ишкердин айтымында, Иш башкармалыктын кызматкерлери жаңы базардын администрациясынын кеңсесинде олтурушат жана соода орундарын сатуу, ижарага берүү процессин көзөмөлдөшөт.
Анын айтымында, соодагерлер «Мадинанын» жабылышына нааразы болуп, каршылык көрсөтө баштаганда бир-эки өкүлдү «Ынтымак Ордого», Каныбек Туманбаев менен жолугушууга чакыртышкан.
Ишкердин маалыматына караганда, маектешүү учурунда Туманбаев аларга жаңы базарда орундар даяр, жакшы шарттар каралганын айткан. Президенттин иш башкаруучусу ижара акысы төмөн болорун, ал эми көчкөндө мамлекет ыңгайлуу кылып жеткирерин убадалаган.
Бирок бааларды жана түзүлгөн шарттарды көргөндөн кийин соодагерлер нааразы боло башташкан. Алардын айтымында, соода ордун сатып алса чарчы метри 3000 доллар, ал эми ижара чарчы метр үчүн 20 доллардан башталат. Бул алардын азыркы ижара төлөмдөрүнөн алда канча кымбат.
«Бир квадрат метри 3000 доллардан. Ал деген Американын баасыго? Кыргызстан ошого туура келеби? Кичине ойлонуп анан айтышпайбы?», — дейт, нааразы болгон соодагер Максуда Матиева, журналист Эламан Карымшаковдун материалында.
«Биз азыр 30 миң сом ижара төлөй албай жатсак, алар айына 160 миң сом төлөйсүңөр деп жатышат», — дейт дагы бир соодагер.
Ишкерлер негизинен жаңы базардагы шарттарга да нааразы болуп жатышат.
«Ал жерге көчүп баралы десек, такыр шарты жок. Чынын айтканда, мал сарайга окшотуп эле куруп коюшуптур. Өрт коопсуздугу жок, вентиляция жок», — деп айтып берген Карымшаковго Шарипа Марипова аттуу соодагер.
29-июлда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев муниципалитет базарды 1-августка чейин бошотууну талап кылган билдирме артка чакыртылганын, соодагерлерге көчүүгө көбүрөк убакыт берилерин билдирди.

Жунушалиев жаңы базардын кожоюну менен ижара акысын ылдыйлатуу жана мурдагы базардагы ижара шарттарын сактап калуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.
«Менин оюмча, ушул этапта негизги максат — болушунча тез арада соода орундарын толтуруп, жаңы базарды ыкчам ишкер киргизүү окшойт», — деген оюн айтат, «Клооп» маектешкен ишкер.
«Мадина» базары канча убакытка жабылды, натыйжада жаңы базардагы шарттар жакшырып, ижара төлөмү азаябы же жокпу — белгисиз.




