Илон Маск Марсты колонизациялап, ал жакта миллиондуу-шаар курууну пландоодо

Elon Musk, chief executive officer for Space Exploration Technologies Corp. (SpaceX), pauses during the 67th International Astronautical Congress (IAC) in Guadalajara, Mexico, on Tuesday, Sept. 27, 2016. Musk delivered a keynote address at the conference titled "Making Humans a Multiplanetary Species" and tackled the technical challenges and "potential architectures for colonizing the Red Planet." Photographer: Susana Gonzalez/Bloomberg via Getty Images

SpaceX жана анын негиздөөчүсү Илон Маск Марсты колонизациялоо планы бар экенин айтып чыкты. Маск кызыл планетада миллиондуу-шаарчаны куруп, Марска учуу бардык каалоочуларга жеткиликтүү болоорун кошумчалады. Марска билет 200 миң доллардын тегерегинде болот.

Илон Маск адамзатты Марска жиберүүнү көздөйт

«Мен [адамзаттын] өнүгүүсүнүн эки жолу бар деп айтам. Биринчиси, биз баарыбыз акырына чейин Жерде калып, акырында бүлгүндө кыйрап жок болобуз. Альтернатива — планеталар аралык раса болуу зарыл».

Мына ушундай сөздөр менен SpaceX жана Teslaнын Башкы директору Илон Маск Марсты колонизациялоого арналган маалымат жыйынын баштады. Бул анын дымактуу планы, аны ишке ашыруу зарыл — болбосо, адамзат жок болуу алдында.

Илон Маск Марска адамдарды жөнөткүсү келет. Бирок, анын планында адам саны ондуктар менен чектелбейт. Маск келээрки 40-100 жылдар аралыгында, Кызыл планетада миллиондуу-шаарчаны курууну пландап жатат. Долбоордун идеясы XXI кылымдын аягына чейин Марска толук адамзаттын өзүнчө колониясын куруу.

Масктын айтуусунда, адамдар жүктөлгөн биринчи борт 2018-жылы жөнөтүлүшү керек. Ал эми биринчи адам Марска 2022-жылы барып калат.

Бул үчүн ал үч космостук кемеден турган татаал системаны ойлоп тапты

Марсты колонизациялоо боюнча Масктын планы — ишке ашып жаткан долбоорлордун эң дымактуусу. Аны толук бойдон ишке ашыруу үчүн көп нерсе керек, көп жаңы жабдыктар жана технология.

Илон Маск космостук кемелерди жасоочу SpaceX компаниясын башкарат. Марска арналган маалымат жыйында, компания үч космостук кемени көрсөттү.

Масктын эсеби боюнча, Флорида станциясынан бийиктиги 122 метр болгон, эки модулдан турган космостук кеме учат. Биринчиси — алып жүрүүчү-кеме. Экинчиси — автономдуу, алты кыймылдаткыч менен жабдылган чакан кеме жүздөгөн адамдарды жана өзүнө ылайык жүктү жүктөп кетет.

Чакан кеме Жердин орбитасына жеткенден кийин, алып жүрүүчү кеме кайра кайтат жана күйүүчү май жүктөп кайра учуп жөнөйт. Бул модуль адамдар бараткан кемеге учуп баратып кошулуп, аны күйүүчү май менен камсыздайт. Бул процедура беш жолу кайталанат.

Чакан кеме узак убакытка созулуучу учууга даяр. Ал өзүнүн кыймылдаткычтарын ишке киргизип, 100 чакырым/саат ылдамдык менен жүрүп отурат. Жерден Марска чейинки аралыкты үч айда басып өтөт.

Кеме Марска конот. Бирок, бул баары эмес. Маск Кызыл планетанын ресурстарын кайра иштетип, кеменин кайра келишине күйүүчү май даярдоону да иштеп чыккан.

Маск белгилегендей, дал ушундай ыкма менен адамзатты Марска жөнөтүүдө каражатты үнөмдөөгө болот.

Акча жагы кандай болот?

SpaceX компаниясынын директорунун айтуусунда, азыркы технологиянын негизинде, бир адамдын Марска жетүүсү үчүн 10 миллиард доллар кетет.

Илон Маск бул бааны 200 миң долларга түшүрүү жолун изилдеп чыккан. Бир эле кеме бир нече жолу колдонулса, баа бир канча ылдыйлайт (тагыраак айтканда, алып жүрүүчү ракета 1000 жолу, күйүүчү май ташыган кеме 100, адам жүктөгөн кеме 12 жолу колдонулат).

Ал азыркы аба жолдору менен салыштыруу жүргүздү. Эгер бир учак бир гана жолу учса, анда Лас-Вегастан Лос-Анжелеске Боинг 737 менен учуп баруу үчүн 180 жүргүнчүнүн ар бири жарым миллион доллардан төлөп калмак. Бирок, көп учууга ыңгайлашкандыктан, билет баасы 43 долларды гана түзүүдө.

Азыркы стандартка салыштырмалуу 200 миң доллар кенедей акча саналат. Жадагалса, жөнөкөй Virgin Galactic менен орбитага учуп барып, нөлдүк гравитацияда болуу 250 миң долларды түзөт.

Кемчиликтер барбы?

Эң өкүнүчтүүсү — бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Масктын каражаты жок. Ал канча сумма керектелээрин айткан жок, бирок аналитиктер анда  керектүү ресурстар жок экендигин айтышууда.

The Verge жазгандай, бул маалымат жыйын эң биринчи эле инвесторлор үчүн берилди. Тагыраак айтканда, жалгыз потенциалдуу инвестор болгон NASA үчүн.

Учурда, SpaceX компаниясына буюртмалар америкалык өкмөттөн келет. Роскосмос менен Европа космостук агенттигинин бюджетин кошкондо да, NASAнын бюджетине жетпейт. 2016-жылы NASAнын бюджети 19 миллиард доллардан ашып түштү.

Пландын эки илинчеги бар

Биринчиси, SpaceX керектүү имиджин түзө элек. Компания дедлайн жасоодо артта калууда, бул эле эмес, анын ракеталары стартта эле жарылып кеткен учурлар көп (же конууда). Илон Маск деле дайым эле айткан сөзүнүн үстүнөн чыкпайт — ал 2014-жылы SpaceX кемесинде адамды космоско учурам деген пландарын айткан болчу, бирок бүгүнкү күнгө чейин дайын жок.

Экинчиден, Марска учуу боюнча NASAнын өзүнүн планы бар. Агенттик көп жолу колдонууга боло турган өздүк космостук кемесин иштеп чыккан, ал «Орион» деп аталат. Анын жардамы менен NASA 2030-жылы Марска адамды учурууга камданууда. Агенттиктин максаты да башка — Марска адамдарды илимий изилдөө үчүн гана жөнөтөт.  

Ошентип, Масктын планында бышык өзөк жок, күтүү гана калды. SpaceX компаниясынын кемелери жарылбай калаарына жана америка өкмөтү Марсты колонизациялоо үчүн ондогон миллиард долларларын жумшаарына ишенүү менен үмүт кылуудан башка арга жок.