Аскаровдун иши: Сот жарыш сөз алдында материалдарды изилдөөгө киришти

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча сот отурумунда сот иштин тогуз томунун баарын изилдөөгө киришти. Отурум учурунда судья эки томду гана окуду.

Сот процесси коргоочу тараптын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүнөн башталмак, бирок жеке себептерден улам өтүнмө берилген күбөлөр — Исмаил Исаков, Турсунбек Акун жана Кубатбек Байболов — отурумга келишкен жок.

Сот иштин тогуз томдук материалдарын изилдөөгө киришмекчи болду.

Судья айыптоочу тараптын күбөсү — 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү башаламандык учурунда өлтүрүлгөн милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун аялы – Чолпон Бечелованын берген көрсөтмөсүн окуду.

Бечелова көрсөтмө берип жатып окуяга чейин Аскаров менен тааныш болбогонун, бирок укук коргоочу анын күйөөсүн өлтүрүп салганын ага «кимдир-бирөө айтканын» айткан. Ал аны ким айтканын эстей алган эмес.

Судья ошондой эле киши колдуу болгон Сулаймановдун мурдагы кесиптештери — Кубанычбек Умарахуновдун, Эмилбек Мантыбаевдин жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн окуду.

«Алар таш менен куралданса керек эле. Мен өзүм көргөм. Аскаровду өз көзүм менен көргөм. Ал абдан сөзмөр. Адамдарды ошого көкүтө алат. Ал жакта кыргыздардын баары эшектер деген сөздөр болду. Алар кыргыз милиция кызматкерлерин өлтүргүлө дешти», — деген Эмилбек Мантыбаевдин сөзүнөн үзүндү келтирди судья.

Соттолуучу Аскаровдун адвокаттары судьяга укук коргоочунун иши боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминин протоколун окутушту.

Комитеттин эксперттери укук коргоочу мыйзамсыз кармалган деген жүйө менен аны токтоосуз бошотууга Кыргызстанды үндөгөн.

«Ал [Аскаров] мыйзамсыз кармалганы, адамгерчиликсиз шартта болгону, кыйноого жана таш боор мамилеге туш болгону жана соттук териштирүү үчүн өзүн коргоого жетиштүү даярдануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы аныкталган», — деп айтылат протоколдо.

Судья коргоочу тараптун күбөлөрүнүн — биринчи жолу көрсөтмө беришкен Аскаровдун кошуналарынын жана алыскы туугандарынын көрсөтмөлөрүн да окуду.

Алар тургундар көпүрөдө кагылышып жатканда жана милиция кызматкери өлтүрүлүп жаткан учурда «Аскаровду үйдүн жанында көргөнүн» айтышты. Ошондой эле, алардын сөзүнө караганда, алар 2010-жылы көрсөтмө берүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес, анткени аларга «кысым көрсөтүлгөн» жана алар жанынан коркушкан.

Кийинки отурумда сот Аскаров боюнча иштин материалдарын изилдөөнү улантат, андан кийин сотто жарыш сөз башталат. Отурум 13-декабрда эртең мененки саат 10до башталат.

Мурдагы отурумдар

Сот Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча буга чейин жети отурум өткөргөн.

Биринчи отурумда сот киши колдуу болгон Сулаймановдун жесиринин жана күбө болгон милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн уккан. Алты күбөнүн үчөө Сулайманов курман болгондо Аскаров көпүрөдө болгон-болбогонун эстей албаганын айтышкан.

Калган үч милиция кызматкери Аскаровду нааразылык акциясынын арасында көрүшкөнүн айтышкан, бирок анын кебетеси кандай болгонун жана ал күнү эмне кылганын сүрөттөп бере алышкан эмес. Алар анын «кыргыздарды өлтүрүүгө» үндөп жүргөнүн айтышкан, бирок окуя кандай болгонун так айта алышкан эмес, анткени 30 метрден 150 метрге чейинки аралыкта турушкан.

Аскаров милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсүн жалган деп билдирген. Анын айтымында, ал укук коргоочу болуп иштеп жүргөндө алардын мыйзам бузган иштерин иликтеген жана күбө катары өтүп жаткан милиция кызматкерлеринин бирөөнө каршы кылмыш иши козголгон.

Сот экинчи отурумда алты күбөнүн — Базар-Коргондун акиминин, Базар-Коргондун прокурорунун, Улуттук коопсуздук кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысынын жана УКМКнын эки кызматкеринин — көрсөтмөлөрүн уккан. Ошондой эле Аскаров кармалгандан кийин аны менен кошо УКИде кошо отурган камералашы да көрсөтмө берген.

Прокурор көпүрөдө болбогонун жана Аскаровду көрбөгөнүн айткан. Өз көрсөтмөлөрүндө ал укук коргоочуну кимдир-бирөөлөр кыйнаганы тууралуу маалыматты четке каккан.

Аким жана УКМК өкүлдөрү Аскаровду көргөнүн айтышкан, бирок ал ошол жакта эмне кылып жүргөнүн сүрөттөп бере алышкан эмес. Аскаровдун камералашы камерада Аскаровду сабап салганын айткан.

Аскаров болсо анын көпүрөдө болгону тууралуу көрсөтмөлөр калп экенин айткан.

Үчүнчү отурумда сот айыптоочу тараптын эки күбөсү — 2010-жылы Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары болуп турган Жамиля Туражанованын жана Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп турган Орозбек Бердибаевдин — көрсөтмөлөрүн уккан.

Туражанова Мыктыбек Сулаймановдун денеси кантип табылганын жана Азимжан Аскаровдун кармалышы менен сурагы кандай өткөнүн айтып берген.

Коргоочу тарап Аскаровдун укуктары бузулганын, ага адвокат өз убагында берилбегенин далилдеш үчүн анын качан камакка алынганын билгенге аракет кылган.

Аскаров ошондой эле аны кыйноого алышканы тууралуу көрсөтмө берген, бирок коргоочу тараптын күбөлөрү анын айтканын четке кагышкан.

Төртүнчү отурумда Аскаров менен кошо соттолгон камактагылар суракка алынып, өмүрүнө коркунуч келип жаткандыктан «көрсөтмө берүүдөн коркуп жатышканын» сотко айтышкан. Алар ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылышканын айтып арызданышкан.

Күбөлөрдүн баары башаламандык болгон күнү көпүрөдө болушпаганын жана ал жактан Аскаровду көрүшпөгөнүн айтышкан.

Бешинчи отурумда коргоочу тараптын бардык күбөлөрү — Аскаровдун кошуналары жана туугандыгы бар аял — жергиликтүү тургундар көпүрөдө кагылышып жатканда жана милиция кызматкери өлтүрүлүп жаткан маалда аны «үйдүн жанынан көрүшкөнүн» айтышкан. Алар 2010-жылы көрсөтмө бергиси келишкен эмес, анткени аларга «кысым көрсөтүлгөн».

Алтынчы отурумда сот укук коргоо органдарынын эки өкүлүн жана укук коргоочу Азиза Абдирасулованы суракка алган. Аскаровдун иши боюнча тергөө тобунун жетекчиси кыйноо колдонулбаганын жана «баары мыйзамдуу болгонун» айтып жаткан, укук коргоочу болсо Аскаров кыйноого алынганын айткан.

Жетинчи отурумда укук коргоочу өзү көрсөтмө берген. Аскаров бийликти чатак тууралуу эскерткенин, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн айткан. Ал милициянын өлүмүнө өзүнүн күнөөсү бар экенин танып, тергөө маалында андан күнөөнү моюнга алган көрсөтмөлөрдү алыш үчүн кыйноого алынганын билдирген.

Соттун жүрүшүнөн тексттик трансляция:

Аскаров өзү ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милициянын кыйноолору тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында «Аба» укук коргоочу уюмун жетектеген.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыр-чатакта кармалган. Укук коргоо органдары билдиргендей, Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген.

Базар-Коргон соту Аскаровду «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. 2010-жылдын аягында, сот Аскаровду өмүр бою тор артына камаган, бирок Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келген. Аны менен кошо дагы сегиз адам абакка киргизилген.

Аскаровдун жактоочулары бул айыптоолор «негизсиз» деп айтып келишет. Күбөлөр болсо, Аскаров окуя болгон жерде жок болгондугун тастыкташкан.

Соттун чечиминен кийин, укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов бардык жараяндар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан. Анын айтуусунда, укук коргоочунун үйүндө үй ээлери жокто тинтүү болгон жана далилдер «жетишсиз».

Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу кыйноолорго кабылганын жана Кыргызстандын бийлиги анын даттанууларына көңүл бурбагандыкка айыпталганын билдиришкен. Андан тышкары, иликтөө жараянында процессуалдык нормалар бузулганын жана Аскаровдун коргонуусуна мүмкүнчүлүк берилбегенин да кошумчалашкан.