Азербайжандык ишкер: Беш күн ичинде катталуу талабы компанияны Кыргызстандан кетүүгө мажбур кылууда

Өкмөт 90 өлкөнүн жарандары Кыргызстанда жүрүү режими жеңилдетиле турган токтомго 19-декабрда кол коюуга убада берген. Документке кол коюлса Азербайжандын жарандары Кыргызстанда 10 күн каттоосуз жүрө алышат. Азербайжандык ишкер Рашид Маматгусейн мындай жеңилдикти жетишсиз деп эсептейт.

Рашид Маматгусейн — программалык иштелмелер менен алектенген азербайжандык компаниянын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору.

Анын айтымында, компаниянын филиалына Бакудагы баш кеңсенин кызматкерлери жана компаниянын өнөктөштөрү көп келишет. Ал мындай иш сапарлары абдан кыска экенин жана каттоо мөөнөтү өтө эле көп убакыт алаарын айтат.

Маматгусейн – Азербайжандын жараны. Ал компаниянын өнөктөштөрү сыяктуу эле чек арадан өткөн сайын 5 жумушчу күн ичинде каттоого турууга мажбур.

Анын айтымында, өкмөт жүрүү режимин жеңилдетүү тууралуу токтом кабыл алса деле, Азербайжандын жарандары үчүн каттоосуз жүрүү мөөнөтү анча узарып кетпейт.

«Жаңы мыйзам боюнча мен [өлкөлөрдүн тизмесин] карап көрдүм, ал жерде Азербайжан үчүн 10 эле күн экени көрүнүп турат. Мурда 60 күн эле, эми 10 эле күн. Бул аз», – деп эсептейт Маматгусейн.

Кайталап кире албаган каттоо

Маматгусейн үчүн чек арадан өткөн сайын улам эле каттоодон өтүш керек болгону ыңгайсыздык жаратат.

«4-ноябрдан кийин мен Казакстан менен Тажикстанда болдум, кайра кирген сайын катталууга туура келди. Ал [каттоо] жарабай калат. Ал жакта [паспорт столунда] чек арадан өткөн сайын катталыш керек деп айтышат», — деди ал.

Маматгусейн коңшулаш мамлекеттерге кыскача иш сапарларына көп бараарын айтат. Анын сөзү боюнча, мындай иш сапарлары 1 күндөн 4 күнгө чейин созулуп, айына бир нече жолу кайталанат.

«Батир ээлеринин баары эле биз менен нары-бери жүрө албайт, улам эле бизге документин бере албайт. Алардан ар бир жолу арыз талап кылынат. Бул өтө ыңгайсыз», – деп түшүндүрдү Маматгусейн.

Кыргызстандыктар ишсиз калышы мүмкүн

Компания Кыргызстанда орто эсеп менен 10 жылдан бери иштеп, кыргыз жарандарын жумуш орундары менен камсыз кылып келатат. Маматгусейндин айтымында, каттоонун жаңы эрежелери компанияны Бишкектеги өкүлчүлүгүн жабууга мажбур кылышы мүмкүн.

«Биз бул маселелер алда канча либералдуу чечилген кошуна өлкөлөргө барып жайгашсакпы деп да ойлоно баштадык. Биздин так ушу [Бишкектеги] өкүлчүлүгүбүздө иштин көлөмүнө жараша 10дон 40ка чейин адам иштейт. Ал кызматчылардын баары – Кыргызстандын адистери. […] Биз аларга жакшы, чоң айлык төлөп беребиз», – деди Маматгусейн.

Тизме кандай түзүлгөн?

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев Kloop.kgнин ток-шоусундагы түз эфирде айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн коюлган мөөнөт паритет принциби боюнча аныкталганын айткан.

«Биз кошумча тизмеге киргизе турган ар бир өлкөгө ал жакта биздин жарандар канча күн каттоосуз жүрө алаарын аныкташ үчүн расмий сурамдар жиберилген», – деди Асанбаев.

Азербайжан Республикасынын жашаган жеринде каттоо тууралуу мыйзамына ылайык, чет өлкөлүктөр келгенден тартып 10 күн ичинде каттоого турушу керек. Ал жакта чет өлкөлүк жаранды кабыл алган тарап каттоого тургузат.

Жаңы эрежелер

4-ноябрдан тартып Кыргызстанга келген бардык чет өлкөлүктөр 5 жумуш күн ичинде каттоого турууга милдеттүү. Бул туристтерди көп жагнан убара кылды. Алар маалыматтын жоктугу жана тил бөгөтү тууралуу арыздана башташты.

Ченемдер күчүнө киргенден 15 күн өткөн соң өкмөт 90 өлкөнүн жарандарынын жүрүш режимин жеңилдетүүгө убада берди, бирок азырынча токтомго кол коюла элек. Ага 19-декабрда кол коюлат деп убада берилүүдө.

Кыйынчылыктарга чет өлкөлүктөр гана эмес, туризм тармагындагы ишкерлер да кабылды. Караколдук ишкерлер мамлекет башчысына кайрылып, чектөөлөрдү алып салууну өтүнүшкөн, анткени кышкы туристтик сезон үзгүлтүк астында турат деп эсептешет.