«Ла-Ла Ленд» «Алтын глобустун» рекордун койду. «Ла-Ла Ленд» Оскардын алдыңкы талапкери болуп эсептелет. Жана акыр аягы «Ла-Ла Ленд» Бишкекке да келип жетти. Киносынчы Азамат Өмүралиев ишин жаңы баштаган актриса жана көптү үмүттөндүргөн пианист тууралуу мюзикл — идеалдуу фильм экенине ишенет.

«Ла-Ла Ленд» — идеалдуу фильм, анткени ал ыр арналбай турган кишилерге арналган. Бул фильмде эч кандай ийгилик окуясы жок — байкалбай калган миңдеген отторго багышталган чоң жана кооз эстелик бар. Жаш, назик, жүзү жарык жана ажарлуу Мия (Эмма Стоун) Ингрид Бергман же Ава Гарднер сыяктуу улуу актриса болгусу келет. Ал эми кыялкеч, ак көңүл жана күлкүлүү Себастиан (Райан Гослинг) азыркы дүйнөгө жазды кайтарып берип, ичкилик ичип, Чарли Паркердин музыкасын угуп отура турган бар ачууну каалайт.

Алардын кыялы ишке ашаар-ашпасы тууралуу суроо фильмдин финалынан кийин деле ачык бойдон калат. Анткени турмуш өзү ушундай — сүйүү да, ийгилик да дароо келбейт, ал эми тагдырды болжоп болбойт. «Ла-Ла Ленд» баарына жарык жерден орун жетпей тургандыгын, баары эле ийгиликтүү музыкант, драматург, актер жана жазуучу болуп кетпей тургандыгын, бирок ал деле жаман эмес экенин эсибизге салат. Бактылуу болуунун көп жолдору бар, болгону кыялдарың жөнүндө унутпашың керек.

«Ла-Ла Ленд» — идеалдуу фильм болгон дагы бир себеби — ал экрандан олдоксондукту алып таштайт. Болгондо да мюзикл — кинематограф жанрынын эң күлкүлүүсү. Адатта бул жанрдын каармандары ордунан тура калып, автоунаанын капотуна отура калып, столдорду аңтарып ийип, бири бири менен төрт саптар аркылуу сүйлөшүп калышат эмеспи. Бирок «Ла-Ла Ленд» сынган бокалдардан жана олдоксон бийден коркпойт — атүгүл аларды жашырбайт. Олдоксондук башка, кылдат ыкма менен: аны жаап-жашырып отурбай, толук жана айныксыз кабыл алуу аркылуу жоюлат.

Дэмьен Шазеллдин фильминдеги ыр-бий кино өнөрүндөгү чындыкка коошпогон ар бир бырышты жана репликаны басып салып, келип чыккан компрессти талапкөй көрүүчүгө сунуш кылат. Өзүнүн эпсиздигин аңдап-билип туруп эле, «Ла-Ла Ленд» андан толугу менен арылат.

Мында кунт койгон көрүүчү музыка менен хореография «Ла-Ла Ленддин» сюжетинин ортосунда жок болуп кеткенин байкайт. Ал бекеринен эмес. Шазелл, өз каармандарынын сөзү менен айтканда, жөн эле өткөн күн менен жашабайт: ал революция кылат. Ал кинематографиялык мюзикл жанры үчүн жаңы оюн эрежелерин ойлоп чыгат. Анын каармандары иш татаалдашып киргенде ырдабайт, бийлебейт — маанай чөккөндө бийге анча көңүл келбегени үчүн эле эмес, токтоолук менен кубаныч так ошол олдоксондукту пайда кылганы үчүн. Башка кайсы мюзикл ушундай батыл ойго бара алмак?

Райан Гослинг, Эмма Стоун жана башка жүзгө жакын артисттер белгилүү бир учурда бизге үнү менен ырахат тартуулабай калышканынын жөнөкөй себеби — ырларга муктаждык жок калат. Трагедия, чатак жана көңүл калуу көрөрманды эч кандай ыңгайсыз абалга калтырбайт. Экрандагы кейипкерлердин кыйынчылыктары (эгерде биз сапаттуу жана аң-сезимдүү кино көрүп жаткан болсок) бизге ыксыз болуп сезилген учурлар сейрек эле кездешет. Аларды эч кандай ыр-күү жумшарта да, күчөтө да албайт.

Миянын пьесасы оңунан чыкпай калган учурга күлүп көргүлө. Шазелл «Ла-Ла Лендден» толук чындыкка жакын фильм жасап чыгат, анысы да табигый оюн коюунун же Гослингдин кайрыктарындагы жасалма ноталар эптүү чыкканынын эсебинен эмес. Ал олдоксондуктун табиятын толук аңдап билип туруп эле экрандан алып таштайт.

«Ла-Ла Ленд» — идеалдуу фильм, анткени ал кинонун маңызын эсибизге салат. Жакшы, сапаттуу, атүгүл улуу кино — жалаң эле көркөмү көзгө толгон актерлор менен жакшы ойлонулган сценарий эмес да. Бул көзгө анча урунбаган жагдайлардын үстүнөн иштеген ондогон кишилердин да эмгеги. Оскар сыйлыгында мыкты костюм, мыкты грим жана коюучу-сүрөтчүнүн мыкты иши үчүн зериктирме номинациялар болгону бекеринен эмес. Шазеллдин тасмасы бизди мизансценалар, монтаж, боектор жана убакытка баш ийбеген маанайы менен — нарктуу коомдо көңүл бурбай турган нерселер менен да таң калтырат. «Ла-Ла Ленд» акыркы жылдары Бишкекте көрсөтүлүп жаткан ондогон-жүздөгөн тасмалар бере албаган нерселерди силердин башыңардан кечирет.

Бул экспериментаторлор жана кыялкечтер, көксөөсү чексиз адамдар тууралуу чоң фильм — ушундай өз учуруна төп келген «Ла-Ла Ленд» Лос-Анжелестин тартуу ангарларын каптап кеткен жанда жок баатырлар тууралуу баяндардын үстөмдүгүнө көлөмдүү жана ийне-жибине чейин иштелген жооп кайтарат.

«Ла-Ла Ленд» — идеалдуу фильм болгон себеби — ал жок эле дегенде тамтыгы чыккан сценаларды кайра-кайра жазып отурбайт. Кинотеатрда кино көргөн түгөйлөрдү канча жолу көрдүңөр эле? Баш каармандар качан өбүшө баштайт деп канча жолу күттүрүштү эле? Силерге канча жолу жол тыгынын көрсөтүштү эле? Шазелл жогоруда сөз болгон жагдайлардын ар бирине жаңы үлгү таап жүрүп отурат — болгондо да аны көзүн ирмеп койбостон, иш арасында эле кылып коет.

«Ла-Ла Ленд» — идеалдуу фильм, анткени ал убакытка баш ийбейт. Анда винтаж менен айфондор, элдин баары талашып кийген булгаары күрмөлөр жана жакасы ачык саргыч көйнөктөрдүн алдындагы аппак футболкалар, Голливуд жылдызы болгон кыздардын фотосүрөттөрү жана жердин баарында жүргөн «Приустар» бар. Көрүүчүлөрдүн бири өткөндү сагынса, экинчисине келечек көрүнөт, үчүнчүсү болсо өзүн такмазалоону байкайт. «Ла-Ла Ленд» бардык жагынан ажайып.

Анан эми сөздү аяктаар алдында белгилей кете турган нерсе: «Ла-Ла Ленд» — идеалдуу фильм, анткени Райан Гослингдин муңайым көздөрүн колдонуунун ыгын тапкан.

Бул тасманы көрүүгө силерди көндүрүш үчүн дагы кандай жүйө келтирээримди билбейм.

Анткени «Ла-Ла Лендди» көздү жумуп алып деле жакшы көрсө болот.

P.S. Фильмди көрүп чыккандарга мынабу жупуну плейлисттин пайдасы тийет

ТЕМА БОЮНЧА:


БЕРИЛГЕН БАА
«Ла Ла Ленд»
Азамат Өмүралиев
"Маданият" бөлүмүнүн редактору. Twitter: @opinion_com

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ