Укук коргоочу Аскаров Жогорку соттун өкүмүнө чейин ачкачылыгын токтотту

Милициянын өзүм билемдиги менен күрөшкөн Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралганга чейин ал ачкачылыгын токтотту. Чүй облустук соту аны өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмдү 24-январда күчүндө калтыргандан кийин ал тамак ичүүдөн баш тарткан болчу.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (МЖАК) басма сөз катчысы Александр Никсдорф Kloop.kgге Азимжан Аскаров ачкачылыгын токтотконун билдирди.

«Ал ачкачылыгын токтоткону тууралуу расмий кат жазды», — деп кабарлады Никсдорф.

Аскаровдун адвокаттары мурда Чүй облустук соту чыгарган аны өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өкүмгө каршы Жогорку сотко даттанышаарын билдиришкен.

«Мен аны акыркы мүмкүнчүлүктү пайдаланыш керек экендигине көндүрдүм. Ал ачкачылыгын Жогорку соттун чечимине чейин токтотууга макул болду. Эгерде актоочу өкүм чыгартууга мүмкүн болбосо, ал өлүүгө даяр», — деди Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов.

Мурда укук коргоочулар Жогорку соттогу актоочу өкүмгө үмүт артып, Аскаровду ачкачылыгын токтотууга үндөшкөн.

«Сизден ачкачылыкты токтотууну, Жогорку сотко арыз берүү маселесин адвокаттар менен бирге чечүүнү жана анын чечимин күтүүнү көптөн-көп суранабыз. Чыдаңыз, калыстык жеңээрине үмүтүңүздү өчүрбөңүз», — деп айтылат билдирүүдө.

Укук коргоочу Абдумомун Мамараимов Аскаровду колдогон акция жарыялады. Укук коргоочуну колдогусу келген ар бир адам 15 жыл бою милициянын кылмыштарын иликтеп келген адамды колдоп видео жаздыра алат.

Процесс «бардык ченемдерди сактоо менен» өткөн

Жогорку сот укук коргоочунун ишин кайра кароо боюнча сот процесси «бардык ченемдерди сактоо менен» өткөнүн билдирди — Аскаровго котормочу берилген, иш ачык режимде каралган, эл аралык байкоочулар менен ЖМК өкүлдөрү процесске көз салууга мүмкүнчүлүгү болгон, коргоочу тарап кошумча күбөлөрдү чакыра алган.

«Кыргыз тарап соттолгон Азимжан Аскаровго карата БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин пикирин эске алды. Сот процесси кылмыш сотун жүргүзүүнүн бардык эрежелерин сактоо менен жүргүзүлдү», — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Мекеме ошондой эле көз каранды эмес сотко басым көрсөтпөгөнгө жана «мөөнөтүнөн мурда комментарий» бербегенге чакырды.

Мурда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу Чүй облустук сотунун чыгарган чечими «БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине таптакыр карама-каршы келээрин» билдирген.

Евробиримдиктин өкүлдөрү «демократияга жакындыгы» менен белгилүү болгон Кыргызстандан адилет сотту жана Аскаровдун кыйноого алынышы тууралуу далилдердин так иликтенишин күтүп жатышканын айтышкан.

Аскаров өзү ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган өзбек улутундагы укук коргоочу. Ал милициянын кыйноосу тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык кагылышта кармалган. Укук коргоо органдары Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген деп билдирген.

Базар-Коргон соту Аскаровду «жапырт баш-аламандык уюштуруу», «улут аралык кастыкты козгоо» жана «киши өлтүрүүгө катышуу» боюнча айыптаган. Аскаров өзү күнөөсүн мойнуна албай, колго түшкөндөн кийин аны милиция кызматкерлери кыйнашканын айтып келген.

Аскаровдун адвокаттары ага каршы козголгон иш көптөгөн мыйзамдарды бузуу менен жүргүзүлгөнүн, өкүм болсо милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде гана чыгарылганын айтышкан.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Кыргызстандын бийлигине Аскаровдун ишин кайра карап чыгып, камактан бошотууга кеңеш берген. Бул кеңеш жарым-жартылай аткарылган, бирок иш кайра каралгандан кийин Чүй облустук соту укук коргоочуну өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырган.


ТЕМА БОЮНЧА: