Кыргызстандык окуучу Орусиядагы «Ты супер!» музыкалык долбооруна катышат

Кыргызстандык 12 жаштагы Урмат Мырсаканов НТВ дагы «Ты супер! (Сен суперсиң!)» долбоорунун катышуучусу болуп калды. Музыкалык шоудо балдар үйүндөгү жана асырап алган үй-бүлөлөрдөгү таланттуу балдар катышат.

«Ты супер!» музыкалык долбоорунда балдар үйүндөгү, мектеп-интернаттарындагы жана асырап алган үй-бүлөлөрдөгү шыктуу балдар күч сынашат. Долбоорго Орусия, Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Молдова, Эстония, Түштүк Осетия жана Кыргызстандан катышуучулар келгендиктен ал эл аралык деп эсептелет.

Быйыл Кыргызстандын атынан 12 жаштагы Урмат Мырсаканов катышууда. Ал 5-класста окуйт жана көп жылдан бери Бишкектеги үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүндө жашап келет.

«Мени кастингге чакырышып, мен өтүп кеттим. Мен ырдаганды үйрөнүүгө даярмын. Сынак учурунда өзүмдүн жана өлкөмдүн атын чыгаруу үчүн аракетимди кылам. Мен беш жашымдан бери ырдайм жана жылдыз болуш үчүн көп нерсени жасай алыш керек экенин билем», — деген ал «Спутникке» курган маегинде.

«Ак көңүл, шайыр жана бат тил табыша алган Урмат иниси жана карындашы менен балдар үйүндө жашайт. Жакшы окуйт, жалаң төрт жана беш алат. Концерттерде ырдап, мектептин бардык иш-чараларына катышат. Сууда сүзүү, футбол жана стол тенниси менен алектенет. Музыка менен кинону сүйөт. Белгилүү ырчы болууну самайт», — деп жазылат Урмат жөнүндө долбоордун барагында.

Сүрөт: НТВ.

Калыстар тобуна ырчы Ёлка, эстрада ырчысы Маргарита Суханкина, композитор, музыкалык продюсер, Орусиянын эмгек сиңирген артисти Виктор Дробыш жана ырчы Стас Пьеха кирген.

Музыкалык сынактын премьерасы НТВ телеканалында 11-февраль күнү саат 23:00дө башталат.


ТЕМА БОЮНЧА: