Кайрат Примбердиев «Голостун» финалында 3-орунду алды

Кыргыз ырчысы Кайрат Примбердиев Орусиядагы «Голос» музыкалык долбоорунун финалына чыгып, 3-орунду алды. Долбоордун 5-сезонунун жеңүүчүсү финалга чыккан жалгыз кыз Дарья Антонюк болду.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча «Голос» музыкалык долбоорунун жеңүүчүсү финалга чыккан жалгыз кыз Дарья Антонюк болду. Александр Панайотов 2-орунду алса, кыргыз ырчысы Кайрат Примбердиев 3-орунга ээ болду. Сардор Милано 4-болду.

Кызыгы, жеңүүчү болгон Дарья Антонюктан башка бардык финалисттердин буга чейин музыкалык реалити-шоуго катышуу тажрыйбасы болгон.

Атактуулукка жеткен украиналык ырчы Александр Панайотов «Элдик артист» реалити-шоусунда 2003-жылы катышкан.

Өзбекстандык Сардор Милано (же Сардор Ишмухамедов) 2015-жылдагы «Башкы сахна» музыкалык долбоорунун жеңүүчүсү. Бул сынакта Кайрат Примбердиев да катышып, Сардор менен бирге үч мыкты ырчынын катарына кирген.

«Голостун» финалында ар бир катышуучу эки ырды өзү аткарып, бир чыгарманы насаатчысы менен ырдаган. Бардык ырлар аткаруучулардын ар тараптуу талантын жана жөндөмүн ачып көрсөтө турган чыгармалар болгон. Шоудун жеңүүчүсү көрүүчүлөрдүн добушу менен аныкталган.

Мындан тышкары, финалисттер биргеликте эки чыгарма аткарышты.

«Жашоо» чыгармасы Орусиядагы соңку болгон каргашалуу окуяга байланыштуу аткарылган. Ал композитор Александр Матвиенко тарабынан кайрымдуулук концерти үчүн жазылган. Бул ырды мурда долбоордон четтетилген катышуучулар жана насаатчылар чогуу ырдашты.

Финалисттер тарабынан ошондой эле Умберто Тоццинин «Ti amo» ырынын кавери аткарылган. Тагыраак айтканда, хит чыгарманын тексти орусчаланып, «Голостун» төрт финалчысы тарабынан аткарылган.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча финалдан биринчи Сардор Милано чыккан. Сардор «Circle of Life», «Улетай на крыльях ветра», «Навек» чыгармаларын аткарган.

Кайрат Примбердиев болсо Сардор Миланонун артынан финалдан чыгып калган. Кайрат Жо Кокердин «Unchain my heart» хитин, «Как молоды мы были» романсын жана Дима Биландын «Trouble» ырын аткарган.

«Unchain my heart» - бул Жо Кокердин альбомунан алынган ыр. Хиттин каверин көптөгөн артисттер ырдашкан, алардын ичинде «Доктор Хаус» сериалында врачтын ролун аткарган актер Хью Лори да ырдап чыккан.

«Как молоды мы были» ыры композитор Александра Пахмутова жана акын Николай Добронравов тарабынан «Моя любовь на третьем курсе» фильми үчүн жазылган.

Кайрат насаатчысы менен бирге «Trouble» чыгармасын ырдаган. Чыгарма Дима Биландын тогузунчу альбому «Не молчиге» кирген.

Долбоордун финалын күтүп олтурган күйөрмандар Александр Панайотов жеңүүчү болот деп күтүп жатышкан. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Александар 2-орунду алган.

Александр «Careless Whisper», «Исповедь» жана «Я слушал дождь» ырларын аткарган.

«Голос» музыкалык долбоорунун 5-сезонунун жеңүүчүсү ырчы Дарья Антонюк болгон. Ал «Дорогой длинною», «Without You» жана «Твой голос» чыгармаларын ырдаган.

Ошентип Орусиянын «Биринчи каналында» 2002-жылдан бери чыгып келе жаткан вокалдык долбоордун 5-сезону аяктады. Шоу Голландиянын «The Voice of Holland» долбоорунун адаптацияланган түрү болуп эсептелет.