Камактагы Садыр Жапаровдун соту июндун башында болот

Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун туугандары кабарлагандай, оппозициячынын соту июнь айынын башында өтмөкчү. Кылмыш иши сотто териштилгенге чейин анын ТИЗО 1деги абак мөөнөтүн узартып коюшкан.

Саясатчынын жубайы Айгүл Жапарованын айтымында, жолдошунун абак мөөнөтүн 28-майдан соттук процесс башталганга чейин узартып коюшкан. Чечим жашырын түрдө чыгарылган.

Бул Жапаровдун мөөнөтүн узарткан биринчи учур эмес. Мурда сот саясатчыны апрелдин аягынан 28-майга чейин абакта калтырган болчу.

«7 же 8-июнда сот болот экенин айтышты. Иликтөө иштери бүттү, УКМКнын тергөөчүлөрү бардык ишти Башкы прокуратурага өткөрүп беришти, алар да текшерип ишти сотко жөнөттү», — деди ал.

Жапаров азыркы күнгө чейин №1 Тергөө изоляторунда жатат.

Жапаров «Кылмышка катышуу», «Барымтага алуу», «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу», «Ээн баштык», «Киши өлтүрөм деп коркутуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жапаров 2013-жылы Кумтөрдөгү митингди каржылап, Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга буйрук берген.

Каптагаев өзү болсо Жапаровго эч кандай доосу жок экенин билдирген.

Жапаров Казакстанда төрт жыл жашагандан кийин 2017-жылдын 25-мартында УКМКда сурак бериш үчүн Кыргызстанга кайтып келген. Аны кыргыз-казак чек арасынан өтөөрү менен кармап, тергөө бүткүчө ТИЗО 1ге камашкан.

Анын камалышына каршы тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүшүп, саясатчынын бошотулушун талап кылышкан. Бийлик митингчилердин талабын аткарган эмес.

Митинг демонстранттар менен милициянын ортосундагы тирешүүсү менен аяктаган. Тартип сакчылары жүздөгөн адамдарды кармап, аларды административдик жазага тарткан.

Дагы 12 кишиге каршы «Бейбаштык», «Мүлккө чыгым келтирүү» жана «Бийлик өкүлүнө баш ийбөө» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Алардын арасында Жапаровдун уулу менен туугандары да болгон.

Жапаровдун туугандары камакка алынгандан кийин саясатчынын ТИЗОдо колу жана мойну кескиленгени кабарланган.

Ал өзүнө келгенден кийин эмне үчүн өзүн кескилегенин эстей албаганын, анткени дендароо абалда болгонун айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: