Чубак Жалиловдун аялы милицияга арыз берди

Укук коргоо органдары мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун аялы «Сезим» кризистик борборуна жардам сурап кайрылганын тастыкташты. Милиция өз жашоосу менен балдарынын өмүрүнө коркуп жаткан Гүлнура Жалилованын арызын каттады.

Саат 19:00дө жаңыртылды.

Милиция диниятчынын жубайы кризистик борборго жардам сурап кайрылганын тастыктады.

«Бүгүн, 9-декабрда Гүлнура Жалилованы сурамжылоо жолу менен жүргүзүлгөн текшерүү учурунда анын коомдук тармактарда жарыяланган "Сезим" кризистик борборуна берген арызы такталды, ал чынында эле аталган уюмга укуктук жардам сурап кайрылган. Териштирүү учурунда Гүлнура Жалилова тарабынан ал үй-бүлөсү менен балдарынын өмүрүнө кооптонуп жатканы боюнча арыз түштү», — деп билдиришти Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан.

Мурдараак 8-декабрда Telegram месенжеринин анонимдүү колдонуучусу «Сезим» кризистик борборуна Гүлнура Жалилова кол койгон кайрылуунун сүрөтүн жарыялаган. Андан соң сүрөт коомдук тармактарга жайылып кеткен.

Ушул жылдын ноябрь айынын аягында мурдагы муфтий өзүнүн «Насаат Медиа» YouTube-каналында экинчи аял алганын айтып, башка мусулмандарды да ошого үндөгөн.

Андан кийин укук коргоочулар менен депутат аялдар Жалиловдун айткандары боюнча прокуратурага кайрылышп, укуктук баа берүүнү талап кылышкан.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жалилов буга чейин эки жолу милицияга барып, айткан сөздөрү боюнча сурак берген. Анын адвокаты Акин Токталиев мурдагы муфтийдин айткандарында мыйзамга каршы келген эч нерсе жок деп эсептейт.


ТЕМА БОЮНЧА: