Башкы прокуратура: Таалайгүл Исакунова диппаспортту жеке максатта колдонгон

Башкы прокуратура Эмгек жана соцөнүгүү министрлигинин жетекчилиги диппаспортторду жеке максатта колдонушканын тастыктады.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылы ноябрда Таалайгүл Исакунова эмгек өргүүсүндө жүрүп, бир катар жеке сапарларга чыккан — бул үчүн ал өзүнүн диппаспортун премьер-министрдин уруксаты жок колдонгон.

Анда Исакунова АКШга барып келген, ал жактан министр «Инновация аркылуу туруктуу ишенимге жетүү» глобалдык симпозиумуна катышкан. Андан соң ал аргентинага барып, Балдарды эмгекке тартууга каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк конференцияга катышкан. Мындан кийин ал Санкт-Петербургга (Орусия) барып, КМШга кирген мамлекеттердин калкын социалдык коргоо, миграция жана эмгек боюнча консультативдик кеңештин жыйынына катышып келген. Ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков ага бул сапарга чыгууга тыюу салган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, министрдин мурдагы орун басары Зууракан Каденова диппаспортту жеке максатта колдонуп, 2017-жылы апрелде Иранга барып келген. Ошондой эле, ал да эмгек өргүүсүндө жүргөн кезде 2018-жылы сентябрда Түштүк Кореяда окуу программасына катышып, ал жерден Каденова чатак үчүн аба каттамдан алынган.

Андан тышкары, прокуратурадан Эмгек министрлигинин жетекчилиги Тышкы иштер министрлигине командировкалардын жыйынтыгы тууралуу отчётторду жана билдирмелерди жөнөткөн эмес, ал эми бул мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Башкы көзөмөл орган 4-октябрда өкмөткө мыйзам бузууну жоюу туураалуу сунуштама жөнөткөн.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, ал жакта Исакунова менен анын орун басарларынын чет элдик сапарлары боюнча бардык материалдарды карап, «тийиштүү чараларды» көрүшөт.

Министрлик менен депутат Касымалиеванын тиреши

Эмгек министрлигинин жетекчилигинин сапарларын текшерүү өтүнүчү менен башкы прокуратурага парламенттин депутаты Аида Касымалиева кайрылган.

Бул мекеменин башчысынын орун басары Зууракан Каденова мас абалында чатак чыгарганы үчүн «Сеул — Алматы» аба каттамынан алынган соң болгон.

Касымалиеванын айтымында, Исакунова менен анын орун басары премьер-министрдин уруксаты жок эле чакырылган адистердин ордуна дайыма чет элдик сапарларга чыгышкан. Андан тышкары, алар үй-бүлө мүчөлөрүн чет өлкөгө алып чыгып, жеке сапарлары үчүн диппаспортторду колдонушкан.

Касымалиева 5-октябрда фейсбукта министрдин АКШ менен Аргентинага барганы тууралуу документти жарыялаган. Депутат билдиргендей, Исакунова иш-чарага премьер-министрдин уруксаты жок барган.

Буга жооп иретинде Эмгек министрлигинен Касымалиева «Калкка туура эмес маалымат жайылтып, Эмгек министрлигинин жетекчилигинин дарегине карата негизсиз айыптарды жарыялоодо» деп жооп берген.

Андан тышкары, Касымалиева менен Мамытова да теледебатта жолугушушкан. Ал жактан министрдин орун басары Касымалиева экөөбүз классташпыз жана депутат мага бала чактан бери эле атаандашып келет деп билдирген.