Ошто окуучулардын жол киресин 5 сом кылуу сунушу колдоо тапкан жок

Ош шаарындагы маршруттук таксилердин бири. Сүрөт: Нуржайна Октяброва / Kloop.kg

Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэриянын мектеп окуучулардын коомдук транспортко түшүү акысын 1 сомдон 5 сомго көтөрүү сунушун колдоого алышкан жок.

19-февралда шаардык кеңештин депутаттары окуучулардын жол киресин 5 сом кылуу сунушун карап чыгышты. Депутаттардын көпчүлүгү жаңы тарифке каршы добуш беришти.

Кийинчерээк жол кире 3 сомго түшүрүлүп кайрадан добушка коюлду, бирок бул сунушту да аткаминерлер четке кагышты. Депутаттар маршруткалар менен катар эле муниципалдык транспорттордун жол акысын көтөрүү сунушунда бир пикирге келе алышкан жок. Анткени, айрым эл өкүлдөрү автобус менен троллейбуска болгон жол кирени көтөрүүгө каршы.

Шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов депутаттар демилгени кайрадан карап чыгууга убакыт алышканын «Клоопко» айтты.

«Муниципалдык автоунаа мекемесине [жыл сайын] 15 млн сом бөлүнөт. Бул пенсионерлер менен окуучулардын коомдук транспортто жүрүүсү үчүн. Элдин пикирин дагы угалы деп кийинки жыйналышка калтырдык», — деп түшүндүрдү Ормонов.

Мэриянын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов окуучулар үчүн коомдук транспорттордун жол акысын жогорулатууну ата-энелер өздөрү демилгелешкенин айтууда.

«Сунуш айдоочулар менен ата-энелердин ортосундагы пикир келишпестик жана арыздануулардан улам даярдалды», — деди ал.

Бул мэриянын окуучулардын жол киресин жогорулатуу боюнча биринчи демилгеси эмес. 2017-жылы да аталган сунуш көтөрүлүп, бирок колдоого алынбай калган.

Ата-энелер маршруттук таксилердин айдоочулары мектеп окуучуларын албай жатышканын байма-бай айтып келишет. Айдоочулар болсо, бул көрүнүштү балдардын жол акысы чыгашаны актабай жатканы менен байланыштырышат.

Мектеп окуучулар үчүн жеңилдетилген тариф 2001-жылы киргизилип, жол акысы 1 сом болуп бекитилген.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы