КСДП фракциясы бийликти колдойт, ал эми партия өзү оппозицияда. Ушундай да болобу? (Көрсө болот экен)

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы өзүн оппозиция деп жарыялады, ошол эле маалда КСДП парламенттик фракциясы дагы деле көпчүлүк коалициясынын башында турат жана учурдагы бийликти колдойт. Ушундай да болобу?

КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева социал-демократтардын парламенттеги фракциясы көпчүлүк коалицияда кала берээрин жана ал жактан чыгууну пландабаганын «Клооптун» журналистине курган маегинде билдирди.

«Биз — партия — расмий түрдө оппозиция болуп калдык, ал эми парламентте КСДПны көрсөткөн фракция эбак эле партия менен байланышты жоготкон. Фракциянын мүчөлөрү өздөрүн өзүнчө бир орган катары алып жүрүшүүдө, бирок чындыгында алар партияны көрсөтүшөт. 2020-жылдагы партияда таптакыр башка тизме болот, учурда КСДП фракциясындагы депутаттардын көпчүлүгү ал жакка киргизилбейт», — деди Жолдубаева.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДП «парламенттин ишинин туруктуулугу» үчүн көпчүлүк коалициясынан чыкпасын билдирди.

«Бизге фракция үчүн өкмөттүн бүгүн туруктуу иштегени маанилүү. Өлкөнүн ичинде жана анын чет жакасында мындай [чек ара чыры жана КРнын жарандары туш болгон Якутиядагы окуя] окуялар болуп атканда биз коалициянын бузулушуна бара албайбыз. Ошондуктан фракция коалицияда калат жана иштейт. Фракциянын мүчөлөрү үчүн мамлекеттин кызыкчылыктары партияныкынан да жогору турат», — деген Өмүркулов «АКИпресске» курган маегинде.

КСДПны мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жетектейт. Ал 2017-жылы ноябрда шайлоонун жыйынтыгы боюнча президенттик кызматты өзүнүн мураскери Сооронбай Жээнбековго өткөрүп бергенден кийин партиянын төрагалык кызматына келген.

КСДПдагы тиреш

2018-жылдын жаз айларынан тарта Атамбаев Жээнбековду маал-маалы менен сынга ала баштап, бул алардын ортосунда араздашууну жараткан. Мурдагы президент учурдагы өлкө башчысын «кландык башкарууга», анын ичинде коррупция боюнча шектелген бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимов менен «достук мамиледе болуусуна» айыптай баштаган.

Ал эми Жээнбеков буга карата жооп ирээтинде «кландык башкарууга жол бербестигин» жана коррупцияга каршы күрөштү улантаарын билдирген. Жээнбековдун учурунда жогорку кызматтарды ээлеген Атамбаевдин дээрлик бардык үзөңгүлөштөрү коррупция боюнча айыпталышкан.

Мурдагы эки үзөңгүлөштөрдүн араздашынан улам социал-демократтардын партиясы жаат-жаатка бөлүнүп кеткен: кээ бири Атамбаевди колдошсо, дагы башкалары — парламенттеги фракция жүзүндө жарым-жартылай учурдагы президентти колдошот.

КСДП — 1993-жылы түзүлгөн Кыргызстандын байыркы саясий партияларынын бири.