«Сиз менен күрөшүүгө күч-кубатым жетишээрлик»: Райымбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды

Райымбек Матраимов. Видеодон алынган скриншот

Бажы кызматынын мурдагы башчысынын орун басары Райымбек Матраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата кайрылуусу жазылган видео коомдук тармактарда 13-май күнү кечинде пайда болгон.

Матраимовдун айтымында, ал экс-президентке депутаттар менен аткаминерлер Матраимовдордун атасынын урматына арналган спорттук турнирге чакырылганы үчүн Атамбаев анын үй-бүлөсүнө жана жеке өзүнө «шек келтиргенден» кийин кайрылууну чечкен.

«Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сиз буга чейин да, акыркы бир жарым жыл аралыгында бир нече жолу массалык маалымат каражаттары аркылуу мени тынымсыз каралап, коомчулукка жек көрсөтүп, жаман аттуу кылып келдиңиз. [...] Табиятыман тарбиялык мүнөзүм менен унчукпастан, сиздин мурдагы мага кылган жакшылыктарыңыз менен колдоолоруңуздү эске алып, сабырдуулук менен кармалып келдим», — деди Матраимов.

Ал мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коюлган пландарды ашыра аткарып, ошондой эле Бишкекте да Атамбаевди «уят кылбай» иштегенин кошумчалады.

«Командаңыздагы эң ишенимдүү адамдардын бири болуп жүрдүм. Деги эле 2010-жылдан тарта, сизге жана сиз башында турган партияга ар тараптуу көмөгүмдү берип, колдоо көрсөтүп келдим. Сиз менен жакын мамиледе болуп, үй-бүлөлү сыйыбызды көрсөтүп, раматылык апабыздын колунан чай ичип, батасын алдыңыз [...] Сиздин командаңызга кошулганыма чейин жөн гана Райымбек болсом, кийин эле сиз “Райым миллион” атка кондурдуңуз», — деп айтып берди Матраимов.

Ал Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин анын байлыгына кызыга баштаганына таң калганын билдирди. Матраимовдун айтымында, ал өз акчасын туугандары менен түзгөн бизнесинин артынан иштеп тапкан.

«Сиз эл алдында бир нече ирет бай мультимиллионер экениңизди талбай айтып келесиз. Менин байлыгымды да өзүм эмес, элге сиз жарыя кылып жүрөсүз. [...] Сиз экөөбүздөгү байлыкты Аллахтын сыноосу деп билемин, андыктан Аллах берген байлыгымдын теңин элим менен бөлүшүп, бир катар соопчулук иштерди жасоого аракеттенип жүрөм», — деди ал.

Матраимов өзүнүн жана экс-президенттин ортосундагы араздашуу Атамбаев менен Матраимовдордун туугандарынын ортосундагы уруштан кийин пайда болгонун билдирди.

«2017-жылы октябрь айында кайын эжем менен кызыңыз унаа токтотуучу жайлардын биринде орун талашып урушуп кетти. Анын кесепети мага тийди. Кайын эжем көптөн бери беш убакыт намаз окуган, дин жолунда жүргөн ыймандуу аял болгондуктан, жөнү жок эле жаңжалга арашпасы керек эле. Эки аялдын чатагынан кийин мага болгон мамилеңиздин 100 пайызга өзгөргөнүнө таң каламын», — деди Матраимов.

Матраимов сөзүнүн аягында Атамбаевден президент Сооронбай Жээнбеков менен болуп аткан жаңжалына «аралыштырбоону» суранды.

«Аягында айтаарым, мага карата ыксыз кароону, калпты чындай кылып жаманатты кылууну токтотпосоңуз мындан ары жөн отурбаймын. Сиз менен күрөшүүгө менде да жетиштүү маалыматтар жана күч-кубатым жетишээрлик», — деди Матраимов.

Бул Райымбек Матраимовдун алгачкы ачык кайрылууларынын бири. Көбүнесе анын кыймыл-аракеттерине же комментарий берилбейт же анын ордуна парламенттеги депутат агасы Искендер Матраимов жооп берет.

Алмазбек Атамбаев менен жана анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуу 2018-жылы башталган.

Атамбаев Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү саясатын сынга алып, ошондой эле эгер Жээнбеков президент болгусу келсе, анда анын «досторунда Райым миллион болбошу керек» деп билдирген.

Бул араздашуунун шартында Кыргызстандын эң ири саясий КСДП партиясы бир нече бөлүккө ыдырап кеткен: бир бөлүгү парламентте учурдагы президентти колдосо, башкалары экс-президент Атамбаевди колдошот. Андан тышкары, Атамбаевдин кээ бир тарапкерлерине карата коррупция беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, дагы башкалары жетекчилик кызматтардан алынган.

Матраимовдун атасынын урматына арналган турнир

Исмаил Матраимовго арналган спорттук турнир 1-майда Кара-Суу районунда болуп өткөн. Аны Матраимовдун балдары уюштурган — Райымбек, Искендер жана Тилек Матраимовдор.

Иш-чарага парламенттин спикери Дастан Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ошондой эле парламенттин ондон ашык депутаты келип кеткен. Кийинки күнү алар кесиптеши Искендер Матраимовдун чакыруусу боюнча Кара-Сууга барганын айтып чыгышкан. Матраимов өзү депутаттар менен аткаминерлердин турнирге келип кетишкенде эч кандай трагедия жок деп айткан.

Каржы полициясы Райым Матраимовдун мүлкүнөн коррупция фактыларын издеп, төрт айдан бери текшерүүдө, бирок текшерүүнүн жыйынтыктоочу мөөнөттөрү айтыла элек. Каржы полициясында Матраимовдун дагы бир иниси — Ислам Матраимов иштейт. Бирок ведомстводон билдиришкендей, бул бажынын мурдагы башчысынын орун басарынын мүлкүн текшерүүгө эч кандай таасир этпейт.

Матраимовдордун үй-бүлөсү — Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири болуп саналат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир тууган Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.