Ош шаарындагы Манас айкелин тургузуу иш - чарасы

Ош шаарында Манас монументалдык комплексин орнотуу иш - чарасы 5-январда болуп өткөн.  Ат үстүндөгү Манастын эстелигин тургуузуу үчүн 31 млн сом акча каражаты сарпталган.

Бул айкел  Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөр арасындагы ат үстүндөгү  эстеликтердин ичинен эң чоңу болуп саналат.  Айкелдин бийиктиги расмий түрдө 24 метр деп айтылууда. Бирок башкы скульптордун бири Равшан Маматкуловдун билдирүүсүндө эстеликтин бийиктиги 28 метр.

Сүрөттөр Ош шаардык мэриясынын уруксаты менен жарыяланды.
Сүрөттүн ээси: шаардык мэрия жана Элмурат Аширалиев

[KloopGallery Album="Манастын Ош шаарындагы айкели"]

Редактор: Айгул Гуламидин кызы