Видео: Милиционерге айдоочулук күбөлүк көрсөтүүнүн өзгөчө ыкмасы

Журналист Владимир Цай токтоткон тескөөчүгө айдоочулук күбөлүгүн көрсөтүүнүн оригиналдуу ыкмасын ойлоп тапкан — анын документи ламинацияланып,  зым жана чоюн менен унаа салонуна бекитилген.

Цай өзү жазгандай, документти мындай шартта сактоо күбөлүктү текшерүү маалында айдоочуга аны унаадан чыкпай эле көрсөтүүгө «бекем аргумент» болуп бере алат. Ошондой эле ал документтердин мыйзамсыз алынышы ыктымалдыгынан коргойт.