Пара алган адвокат кармалды

Бишкекте кылмыш ишин жабуу үчүн ортомчулук кылып 15 миң сом пара алгандыгы үчүн адвокат кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматы билдиргендей, кармалган адвокат “Чүй облусунун адвокаттар коллегиясы Бишкек шаары” коомдук бирикмесинде эмгектенген.

Учурда Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы тарабынан “Пара алууда ортомчулук кылуу” беренеси менен адвокаттын үстүнөн кылмыш иш козголду.

Бул иш боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал үй камагында.

Автор: Тазим Жекшенбаева