Видео: Бишкектин борборундагы жол кырсыгында унаа оодарылып кетти

Бишкектин борборундагы Гоголь жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан төрт унаа зыян тартты. Айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн эч кимиси жаракат алышкан жок.

Кырсык Огонбаев көчөсү менен бара жаткан “Тойота Лэнд Крузер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Гоголь көчөсү менен төмөн түшүп келе жаткан “Хонда Одиссей” унаасын өткөрбөй койгондуктан улам келип чыккан.

“Хонданын” айдоочусу кырсыктан качууга аракет кылган. Бирок жетишпей калып, кагылышуунун жыйынтыгында “Тойота” оодарылып кеткен.

Ошол маалда Огомбаев көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан “Лексустун” айдоочусу оодарылып кеткен унаага сүзүлбөш үчүн чукул тормоз баскан.

Жыйынтыгында анын артында келе жаткан кичи автобус “Лексуска” келип сүзүлгөн.

Kloop.kgнин кабарчыларынын байкоосуна караганда жол кырсыгынын катышуучуларынын арасында жаракат алгандар жок.

Видеонун автору: Владимир Цай