УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев отставкага кетти

Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президент Жапаров Ташиевдин отставкасы «биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн» болгонун билдирди.

«Мен бул чечимди биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда ажырым болбошу үчүн, биримдикти бекемдөө максатында кабыл алдым», — деп жазды президенттин сөзүн анын басма сөз катчысы.

УКМКнын төрагасы өзү бул боюнча комментарий бере элек. Ал азыр Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда экенин «Азаттык» жазды.

Камчыбек Ташиевдин ордуна Жумгалбек Шабданбеков УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Шабданбеков 2020-жылдан тартып УКМК төрагасынын орун басары жана 9-кызматынын башчысы кызматын аркалап келген. 55 жашта. 2022-жылы генерал-майор болгон.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин үч орун басарын — Курванбека Авазовду, Даниэл Рысалиевди жана Элизар Смановду отставкага кетирди.