Мындан ары Чек ара кызматы УКМКга карабайт. Дегеле Кыргызстандын тарыхында Чек ара кызматы бир нече жолу ушундай өзгөртүүлөргө туш болуп жатат. Акыркы жолу 2020-жылы, бийликке Садыр Жапаров келип, УКМК төрагалыгына Камчыбек Ташиев дайындалганда Чек ара кызматы УКМКга бириктирилген болчу.
Мындан ары кызмат өз алдынча орган болот жана анын башчылыгында мурдагы эле жетекчи — Абдикарим Алимбаев калды.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен буга чейин УКМКнын курамында болуп келген 9-кызматтын базасында президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлдү.
Күзөт кызматы президентке баш ийет жана отчет берет. Кызматтын жетекчилигин президент дайындайт жана күзөттүн өздүк курамынын санын дагы аныктайт. Алар болсо өлкөнүн биринчи адамдарынын коопсуздугун камсыздайт.
Өкмөттүн түзүмүндөгү мындай өзгөртүүлөр бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин ишке ашырылууда.





