«Манас» Транзиттик жүк ташуу борбору жабылгандан кийин Кыргызстанга эмнелер калат? [+видео]

«Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун ижара мөөнөтү 2014-жылдын жайында аяктайт. Учурда аскер кызматкерлери андагы чатырларын жыйыштырып, Румыниядагы жаңы базага кетүүгө камынып жатышат. Жүк ташуу борбору чыгарылгандан кийин кыргыз тарапка мураска эмнелер калат?

«Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун директору, полковник Джон Милларддын айтымында, борбор жабылгандан кийин «Манас» аба майданынын маңдайындагы аянттагы бир катар кыймылсыз мүлк жана объектилер Кыргызстанга калтырылат.

Эмеректери менен 20 жатакана

Ар бир жатакана 100 кишиге ылайыкташтырылган жана ар бири металл конструкциясынан турган эки кабаттуу имаратты элестетет. Алардын бардыгына жалпысынан 2000 киши батат.

Жатаканалардагы бөлмөлөр аянты боюнча бири-биринен айырмаланып турушат, бирок көпчүлүгү эки кишиге ылайыкташтырылган. Жатакана менен бирге ар бир бөлмөдөгү шкаф, керебет, компьтер үстөлү жана отургучтар калат.

Kloop.kgнин кабарчылары кээ бир имараттардан телевизорлор коюлган чоң бөлмөлөрдү, ошондой эле кир жуучу машиналары бар бөлмөлөрдү көрүшкөн — андагы тиричилик техникалары да Транзиттик жүк ташуу борборунан мураска калат.

Спорттук зал

Жүздөн ашык түрдүү машыгуу жабдуулары менен жабдылган чоң аскер чатыры.

Күн сайын ал жерде 1000ден ашык аскерлер менен келишимдик негизде иштеген жумушчулар спорт менен машыгышып, булчуңдарын чыңашат. Машыгуу жайы жана андагы жабдуулардын бардыгы тең Кыргызстанда калат.

Ашкана

Kloop.kgнин журналисттеринин баасы боюнча 300гө чукул адам сыярлык чоң чатыр. Учурда жүк ташуу борборунун бардык жумушчулары ошол жерде тамактанышат.

Америкалыктар ашкана менен бирге суусундуктар жана азык-түлүктөр үчүн муздаткычтарды таштап кеткени жатышат. Ошондой эле арасында үстөл, отургучтары бар эмеректер да калтырылат.

Алты аскер чатыры

Чатырларда азык-түлүк сакталган. Жүк ташуу борборунун кызматкерлери болсо аларды «амбарлар» деп аташат. Ал чатырларды Кыргызстандын өкмөтүнө берип жатканда алар толугу менен бош болот.

АКШ жогоруда айтылгандардын бардыгын тең эмерек, аппаратураларды учак менен алып кетүү кымбатка тургандыктан таштап кеткени жатат.

Кыргызстандын бийлиги америкалыктар 10-июнга чейин толугу менен таштап кетиши керек болгон базанын аянты менен эмне кылуу маселесин өздөрү чечишет.

«Манас» транзиттик жүк ташуу борбору Кыргызстандын аймагында 2001-жылдан бери иштеп келген. Алгач ал АКШ менен анын союздаштарын Ооганстандагы аскердик өнөктүктөрүн колдоп туруучу авиабаза катары пайдаланылган.

2009-жылдын ортосунда база багытын өзгөртүп «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору деп аталган жана ошондон бери ал жүргүнчүлөр менен жүктөрдү Ооганстанга жөнөтүү жана кайрадан кабыл алуу, ошондой эле учактардын күйүүчү майын абада алмаштыруу үчүн пайдаланылып келген.

«Манас» транзиттик жүк ташуу борбору чыгарылгандан кийин Кыргызстан АКШ базанын ижара акысы катары төлөп келген 60 млн долларга жакын каражат жоготот.

Өлкөдө жүк ташуу борборуна карата түрдүү пикирлер айтылып келген. Америкалык аскерлерге болгон нааразычылык 2006-жылы базада кыргызстандык Александр Иванов атылгандан кийин өзгөчө күчөгөн.

Автор:  Нуржамал Жаныбекова