Time-lapse: АКШдан келген граффити чебери Бишкектеги мектептин дубалына сүрөт тартты

Америкалык граффити чебери Габриэль Спектер Бишкектеги №12 мектептин үч кабаттан турган имаратынын дубалын кыргыз жана индеец оймо-чиймелери менен кооздоп сүрөт тартты. Kloop.kgнин журналисти төрт күнгө созулган ал процессти видеого тарткан.

Габриэлге бишкектик граффити чеберлери Дмитрий Петровский менен Сергей Келлер жардам беришкен.

Автор:  Нурмухаммед Атамбаев