Видео: Кыргызстандык Федосеев кикбоксингдин WAKO-PRO версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду

Спортчу Алексей Федосеев 17-июнда бразилиялык Эмерсон Фалькаону жеңип, кикбоксинг боюнча чемпиондук титулду багынтты.

Кыргызстандык спортчу 68,8 килограмм салмактагы категорияда бразилиякты жеңди - бул Федосеевдин 2012-жылдагы алган травмасынан кийинки алгачкы беттеши.

Беш раундга созулган беттештин жыйынтыгында Федосеев Фалькаого караганда көбүрөөк упай топтоп жеңишке жетти.

"Колдоого рахмат. Бул жеңишти мен бүткүл Кыргызстанга арнайм", - деп айтты Федосеев чемпион деген наамды алгандан кийин.

Биринчи раунддан тартып эле Федосеев мүмкүн болушунча көбүрөөк упай топтоо үчүн Фалькаонун башына максаттуу сокку уруп жатты.

Кыргызстандык спортчу төртүнчү раундга чейин жигердүү атакалап, бирок беттештин соңуна жакын көбүрөөк коргоно баштады - бразилиялык спортчу бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууга аракеттенип, агрессиялык түрдө кол салууга өттү.

Ал эми Федосеев алгачкы раунддарда чогулткан упайларынын эсебинен Фалькаону жеңип, Кикбоксинг уюмдарынын дүйнөлүк ассоциация (WAKO-PRO) версиясы боюнча чемпион аталды .

Бул Федосеевдин алгачкы чемпиондук наамы эмес - буга чейин ал өзүнүн салмагында WBKF жана W5 версиялары боюнча чемпиондукту багынткан.

Федосеевдин беттеши толугу менен: