Бишкектин экс-мэри Өмүркуловдун соту 7-июлга жылдырылды

Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловдун үстүнөн сот жараяны соттолуучулардын биринин ооруп калгандыгынан улам 7-июлга жылдырылды. Экс-калаа башчысы Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү Жеңиш сейил багынын аянтынан кафе, ресторан жана май куюучу жайдын курулушу үчүн жеке тараптарга “мыйзамсыз” уруксат бергендикте айыпталып жатат.

Сот башталганга чейин бир саат мурда Өмүркулов менен болгон маек:

Сот жараянын жылдыруу боюнча чечими 25-июнда Октябрь райондук сотундагы отурумда судья Жамила Сабитова тарабынан кабыл алынды.

Соттук отурумду жылдырууга соттолуучулардын бири Молдокмат Тезекбаевдин ооруп калгандыгы себеп болгон.

Бул отурумда экс-мэр Иса Өмүркуловго жана мурда кызмат абалынан кыянат пайдаланган бир канча чиновникке өкүм чыгышы күтүлүп жаткан.

Экс-мэр Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексинин 305-беренеси “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” боюнча айыпталып жатат - ошону менен бирге анын экинчи бөлүгүнө ылайык “оор натыйжалар” аркылуу жаза күчөтүлүшү ыктымал.

Мамлекеттик айыптоочулардын маалыматына ылайык, сейил бактын аянты 16 гектарга кичирейип, Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турган кезде коммерциялык фирмаларга берилген.

“49 жыл мөөнөт менен “Датес” ОсООсуна ижарага берилген жер тилкесин баса белгилеп кетүүгө тийиш. Ал жерде кыска убакыттын ичинде чоң маанидеги курулуш “Ала-Тоо” рестораны тургузулду”, - деп белгиледи сотто прокуратуранын өкүлү.

Мамлекеттик айыптоочулар 9-июндагы сотто Өмүркуловдун мүлкүн конфискациялап, аны 8 жыл күчөтүлгөн тартипте колония жазасын берүүнү жана үч жыл бою муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратууну суранышкан.

Мурдагы мэр менен бирге дагы төрт кишинин соту өтүүдө - прокуратуранын маалыматына ылайык сейил бактын аянтын жеке тараптарга өткөрүп берүүгө катыштыгы бар делген Бишкек муниципалитетинин чиновниктери.

Мамлекеттик айыптоочулар аларга азыраак - 5тен 6 жылга чейин күчөтүлгөн тартипте колонияда жаза мөөнөтүн өтөөнү сурашкан.

Өмүркуловго каршы кылмыш иши 2013-жылдын декабрь айынын башында козголгон.

Прокуратура тарабынан айып тагылгандан эки күн өткөндөн кийин ал өз эрки менен отставка чыгып, бирок ошондой эле, анын мэрлик кызматтан кетиши кылмыш иши менен байланышы жок экендигин айткан.

Учурда мурдагы калаа башчысы башка жакка чыкпоо көзөмөлүндө.

Өмүркулов Бишкектин мэри болуп 2010-жылдагы революциядан кийин эле дайындалган. Анын мэрлик кызматта турушу борбордун жашоочуларынын арасында ар кандай кайчылаш сезимдерди жараткан.

Аны сынга алгандар Бишкекте кандайдыр бир инфраструктуралык жакшыруунун узак убакыт жок болгондугуна жана акча жеген деп айтыпташса, аны колдогондор 2013-жылы борбордо эбегейсиз көп көчөлөрдүн оңдолгондугун белгилешкен.