Видео: Кыргызстандагы "кытай экспансиясына" каршы пикет

"Жаңы муун коалициясы" кыймылынын активисттери азыркы миграциялык саясатка каршы пикет өткөрүүдө. Алар өлкөгө көп чет өлкөлүктөрдүн келип, "кыргызстандыктардын жумуш орундарын ээлеп" алгандыгына нааразы болууда.

Пикеттин катышуучулары Кытайдан келген мигранттардын агымына нааразы. Алардын айтымында кытай мигранттары ар кайсы тармактарда кыргызстандыктардын жумуш орундарын ээлеп алууда.

"Кытай жүк ташуучусунун орточо айлык маянасы 300 доллар, ал эми Кыргызстанда орточо айлык акы - 200 доллар. Бул жумушту эмне үчүн Кыргызстандын жаранына бербешибиз керек? Мен бир гана кыргыздарга берилсин деген жокмун", - деп айтты акциянын уюштуруучусу Тимур Саралаев.

Акциянын катышуучулары "кытай вазелининин" символикалык идишин экономика министрлигине алып келип, миграциялык саясатка жооп берген чиновниктерге берүүнү каалашкан. Бирок аталган министрликтегилер идишти алуудан баш тартышкан.

Эмгек, миргация жана жаштар министрлиги эмне үчүн бул акция аларга багытталгандыгын түшүнө албай жатышат - тышкы миграция башкармалыгынын башчысы Каныбек Фарсбаевдин пикиринде, активисттердин талаптары көзөмөлдөөчү органдарга айтылышы керек.

Чиновник Kloop.kgге берген маегинде, көптөгөн кытай жумушчулары Кыргызстанга эки тараптуу мамлекеттик долбоорлор боюнча келип жатышат, деп айтты.

"Көпчүлүк долбоорлор аякташы менен кытай адистери өз үйлөрүнө кетишет. Ал эми кыргыз жумушчуларына иш орундары калат. Мында белгилүү бир пайжда бар", - деп айтты ал.

Фарсбаевдин пикиринде, министрликте чет өлкөлүк жумуш орундары деп бөлүнбөйт.

"Мындай жумуш орундары мамлекеттерге карата бөлүштүрүлбөйт. Квота аймактары жана экономикалык тармактары боюнча бекитилет", - деди тышкы миграция боюнча башкармалыктын башчысы.