Айдоочу: «Маршруттук таксилерсиз Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуу көйгөйү чечилбейт»

Эгер шаар бийлигинин колунан келсе маршруттук таксилерди эбак эле автобус жана троллейбустар менен алмаштырып коймок, деп эсептейт аты-жөнүн билдиргиси келбеген айдоочу.

Маршруттук таксилердин айдоочулары 28-июль күнү Бишкекти коомдук транспорту жок калтырышкан, өз кезегинде бул көрүнүш шаардыктардын түрдүү пикирлерин жараткан — бир катары жолдордо кырсыктуулуктун азайгандыгына кубанышса, башкалары болсо автобустар менен троллейбустардын жүргүнчүлөргө жык-жыйма толгондугуна нааразычылыктарын билдиришкен.

Айдоочулар болсо Бишкектин бийлиги маршруттук таксилерсиз жүргүнчүлөрдү ташуу көйгөйүн чече албайт деп эсептешет — аты-жөнүн билдиргиси келбеген айдоочулардын бири Kloop.kgге берген маегинде эгер мамлекеттин колунан келсе эбак эле маршруттук таксилерди автобустар менен троллейбустарга алмаштырып коймоктугун айтты.

«10 жыл мурун Түлеев мэр болуп турганда эле траснпортторун алып келе башташкан, бирок алардын ойлору ишке ашкан жок. А азыр алар эмнени каалап жатышат? Азыр адамдар батыштан «Спринтерлерди» алып келишип, өз акчаларына жасап жатышат», — деди ал.

Айдоочу эгер бийлик маршруттук таксилердеги жол кирени 15-20 сомго чейин жогорулатпаса иш таштоолорун уланта берүүгө даяр экендиктерин айтты.

«10 сомдук жол кире бизге туура келбейт. Эгер күйүүчү май 38 сом болсо анда туура келмек. Мисалы, Казакстанда дизель отуну 114 тенге турат — ал биздики боюнча 32 сом. Бул баа ал жакта жайыма кармалып турат. А бизде эмнеге түшүм жыйноо башталганда жогорулап кетет?» — деп суроо салды ал.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин өкүлү Kloop.kgге берген маегинде жергиликтүү депутаттар жол кирени жогорулатуу маселесин кароо үчүн жумушка чыкпай тургандыктарын билдирген.