Видео: ЖККУнун Кыргызстандагы машыгуулары

Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУнун) «Бузулгус достук» деген аталыштагы машыгуусу өттү.

Террористтерди куралсыздандыруу жана барымтадагы адамдарды бошотуу боюнча операциялар — ЖККУнун машыгууларынын алкагында иштелип чыккан машыгуу пункттарынын бири.

Машыгуулар НАТОнун (Түндүкатлантикалык келишим уюмунун) аскерлери Ооганстандан чыгарылгандан кийинки ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерий карым-катнашынын сапатын жогорулатуу иш-чараларынын алкагында өткөрүлдү.

ЖККУга мүчө өлкөлөр машыгууларга сапер-инженерлерден тарта авиациялык аскерлерге чейин түрдүү аскер бөлүктөрүн алып келишкен.

Машыгуулардын жүрүшүндө аскер кызматкерлери тосмо бекеттерде кызмат өтөп, барымтадагы адамдарды бошотушту. Ошондой эле гуманитардык жүктөрдү коштоп жүрүү менен бирге массалык башаламандыктарга каршы турушту.

Машыгуу операциялары Чүй облусунун полигондорунда 29-июлдан 1-августка чейин өткөрүлдү.

ЖККУнун аскерлеринин машыгуулары жыл сайын анын курамына кирген өлкөлөрдүн биринин аймагында өткөрүлөт — ЖККУнун курамына Армения, Беларуссия, Казахстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрү кирет.

ЖККУнун милдети келишимге мүчө өлкөлөрдүн аймактык-экономикалык мейкиндигин сырткы аскердик-саясий агрессорлордон, эл аралык террористтерден, ошондой эле ири масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо болуп саналат.