Ширшов жана Каракол шаарына бөлүнгөн 7 млрд сом. «Тойдун ээси» ким?

Максим Бакиевдин бозгун үзөңгүлөшү Алексей Ширшов кайрымдуулук иштерине жигердүү киришкендей. Буга каражатты кайдан алып жатканы белгисиз. Кыргызстанда ага караштуу бизнестери жок болгону менен, бир кезде кылмыш иши козголгон өтмүшү, күмөндүү достору жана мурдагы айдоочусу — Каракол шаарынын азыркы мэри бар.

Караколдо Ширшов деген жазуусу бар автобустар каттап, ал эми калаа мэри Талантбек Иманов соцтармакта ага кайра-кайра ыраазычылык айтып келет.

Бозгун президент Курманбек Бакиевдин уулунун үзөңгүлөшү Алексей Ширшов чындап эле 2026-жылы июнда кайрымдуулук фондун каттоодон өткөргөн. Ачылганына үч ай болуп-боло электе фонд Каракол шаарын көрктөндүрүүгө 7 млрд сом бөлгөн.

Иманов соцтармакка жарыялаган интервьюда Ширшов кайрымдуулук менен алектенип жатканына «убакыт келгени» себеп болгонун айткан. Ал эми Каракол шаарын тандап алганынын себеби — жубайы Ирина ушул шаарда төрөлгөн.

Видеодо Ширшов кайрымдуулук фондду өзү каржылап жатканын айтып, бирок каражатты кайдан аларын тактаган эмес. Кыргызстандагы юридикалык жактардын маалымат базасына караганда, ушул тапта Ширшовго жана анын аялына бир дагы компания катталган эмес.

Ширшов Кыргызстанда качкын президент Курманбек Бакиевдин тушунда таанылган. Ал кезде «Электр станциялары» ААКнын жана «Түндүкэлектрдин» финансылык директору болчу, кийинки кызмат орду — «Дастан» заводунун башкармалыгынын башчысы.

Ширшов мамлекеттик кызматта турганда энергосистемадагы коррупциялык макулдашууларды сыпаттаган «ширшовдун схемалары» термини кеңири тараган.

Ширшов каражатынын булагын айткыча, анын кылмыштуу өтмүшүн жана Бакиевдер менен байланышын эстеп көрөбүз.

Солдон оңго карай:Алексей Ширшов, Максим Бакиев, оң жак четте — Медет Садыркуловду өлтүрүүгө шектелген Санжар Сапарбеков.

Ширшов жана Максим Бакиевдин жүз миллиондогон доллары

Ширшов Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максимдин үзөңгүлөшү, досу, ал тургай финансылык кеңешчиси да болгон. Максимди айрым ишкерлер кезинде рейдер деп атап жүрүшкөн.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Ширшов жана Бакиевдер өлкөдөн качып чыгып, чет өлкөгө жашырынган болчу.

Максим Бакиев Улуу Британияга кеткен — иликтөөчү журналисттердин маалыматына таянсак, ал Суррейде кымбат баалуу особнякта жашайт, ошол жакта Макс Бакаев аттуу джиу-джитсу чемпиону катары атагы чыккан.

Убактылуу өкмөт Ширшовго Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыялаган. Ага «ишенип берилген мүлктү өз кызыкчылыгына сарптоо» боюнча айып тагылган.

12 жылдан кийин — 2022-жылы 10-майда Ширшовду Кыргызстандын УКМКсы кармаган. Бирок бир эле күн камалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эртеси үй камагына чыгарган.

Ошол эле күнү кечинде Ширшовдун тез арада бошотулганын президент өзү түшүндүргөн. Жапаров фейсбукка, Ширшов тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан бошотулганын жазган.

Алексей Ширшов

Жапаровдун айтымында, Ширшов Максим Бакиев Кыргызстандан чыгарып кеткен 200 млн долларды өлкөгө кайтарып келүүдө бийликке жардам бермекчи болгон. Андан тышкары, Ширшов Бакиевдердин кыймылсыз мүлктөрүн издөөгө көмөктөшүп, Максим Бакиевдин байлыгын басып алган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тизмесин бергени айтылган.   

«Кудай буюрган күнү [бакиевдердин байлыгын] кайтарабыз», — деген Садыр Жапаров, бирок эч кандай мөөнөттү тактаган эмес.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков болсо, Ширшовдун арты менен мурда Максим Бакиев менен анын жакын адамдарына таандык «ЭлКат» мамлекетке кайтарылганын белгилеген.

Орунбековдун айтымында, Ширшов берген маалыматтын негизинде Франциядагы Максим Бакиевге тааныдык вилланы Кыргызстанга алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Анткен менен вилла орусиялык олигарх Борис Березовскийге катталган жана Кыргызстанга кайтканы тууралуу эч кандай маалымат жок.

Президент дагы Ширшов менен ал кармалгандан жарым жыл мурда жолукканын мойнуна алган. Кабыл албай коюуга негиз жок экенин белгилеген өлкө башчысы, Максим Бакиевдин тарапташына карата эч кандай кылмыш иши жок экенин айткан.

Бул окуядан кийин Социал-демократтар партиясы Ширшовго каршы кылмыш иши жок деп маалымат бергендер «президентти атайын адаштырып жатышканын» айтып чыгышкан. Ушундай эле пикирин мурдагы башпрокурор Азимбек Бекназаров дагы жарыялаган. Бул ишке президенттин администрациясы аралашууга аргасыз болгон.

«Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты. Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган», — деген ал арда президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ширшов бир нече кылмыш иши боюнча айыпталуучу болгон. Ал «Дастан» заводунун акцияларын мыйзамсыз чыгарып кетүүгө, «ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланууга», электр трансформаторлорун алып келүүдөгү алдамчылыкка, «Кыргызгаз» менен түрдүү энергокомпаниялар ортосунда мыйзамсыз макулдашууларды түзүүгө жана «Витязь» пансионатында жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүүгө шектелген.

Ширшов «көйгөйлөрдү чечет»

Ширшов 2022-жылы майда Кыргызстанга келгенде үй камагына чыкканы менен, тергөөнүн талаптарын аткарган эмес (бул үчүн жазаланган да эмес).

Temirov Live басылмасынын маалыматына караганда, үй камагындагы Ширшов Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Azino777 онлайн-казиносуна тиешеси бар чет элдиктер менен жолугушууга барган. Журналисттер Ширшовду салган менчик учак 2022-жылы 12-июнда Хорватияга учуп кеткенин билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров көп өтпөй, 2022-жылы 30-июнда Кыргызстанда казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койгон.

Ширшов Кыргызстанга Рустам Гильфанов менен бир учакта кайтып келген. Гильфанов — Azino777 («Azino три топора») онлайн-казиносунун маркетинги менен алектенген Lucky Labs IT-компаниясынын негиздөөчүсү.

2026-жылы февралда Ширшов энергетикага байланышкан өкмөттүк жолугушууда бийликке «жардам берген». Минкаб төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев менен бирге Кыргызстандын өкүлдөрүнүн катарында жолугушууга Ширшов да барган.

Кийин минкаб төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Максим Бакиевдин досу Алексей Ширшов «Жогорку-Нарын каскад ГЭС боюнча» орусиялык делегация менен Москвада өткөн өкмөттүк жолугушууга кошо барганын тастыктаган.

Аткаминердин айтымында, Ширшов өкмөттө иштебейт, болгону «долбоор менен толук тааныш» болгондуктан «көйгөйөрдү чечүүгө жардамдашкан».

Ошол жолугушууда «Русгидро» компаниясынын Кыргызстанга карата дооматтары талкууланган. 2012-жылы бул компания Жогорку-Нарын каскад ГЭСин кура баштаган. 2016-жылдын январында, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев макулдашууну жокко чыгарган. Анда парламенттин депутаттык комиссиясы объектердин баасы өтө эле кымбат көрсөтүлгөнүн аныктаган. Компаниянын карызын 2017-жылга чейин жабабыз деген убада берген менен, төлөнбөй калган.

2020-жылы ноябрда, президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Жогорку-Нарын каскад ГЭСнин курулушун жандандырууну убадалаган. 2022-жылы июлда Гонконгдогу арбитраждык сот орусиялык «Русгидро» компаниясынын Кыргызстандын өкмөтүнө каршы доо арызын жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, республика «Русгидро» Жогорку-Нарын каскад ГЭСнин курулушуна салган каражатты ордуна коюп берүүгө милдеттендирилген.

Бул окуядан кийин президент кайра эле Ширшовду коргоп чыккан. Садыр Жапаров интервью берип, анда Алексей Ширшовдун өтмүшүн айткан ЖМКды манипуляция жасады деп айыптаган.

«Ширшов менен “манипуляция” кыла бергендерге көңүл бурбаш керек», — деген анда президент. Жапаров анда Ширшов эркиндик алуу үчүн келишимге барууну — Максим Бакиевдин акчаларын Кыргызстанга кайтарууга жардамдашууну сунуштаганын дагы бир жолу эске салган.

Иманов — Ширшовдун мурдагы айдоочусу

Талантбек Иманов, Каракол шаарынын мэри.

Караколдун азыркы мэри Талантбек Иманов Аексей Ширшов менен көп жылдардан бери тааныш. 2020-жылдагы апрель революциясына чейин Иманов «Дастан» заводунун күзөт кызматында иштеген, кийин Ширшовдун жеке айдоочусу да болгон.

2010-жылы Иманов Ширшовдун үйүн тоноо иши боюнча күбө катары сурак берген. Анда 2010-жылы сентябрда ага Алексей Ширшовдун атасы байланышып, «үйгө көз салганча жашап турууну» сунуштаганын айткан. Factcheck.kg басылмасынын журналисттери Иманов 2022-жылы деле Ширшовдун үйүндө жашап келгенин аныкташкан.

2010-жылдагы революциядан кийин Иманов «Газпром нефть Азия» ЖЧКда, «Дастан» заводунун туунду компаниялары «Улан» ААК жана «Полигон» ЖАКда жооптуу кызматтарды аркалаган. 2020-жылы мартта Иманов «Дастандын» башкаруу кеңешинин төрагасы болгон. Ал эми 2022-жылдын башында — санарип өнүктүрүү министри болгон.

2022-жылы Ширшов кармалып, кайра боштондукка чыкканда Талантбек Иманов ага жолуккан. ЖМКлар Ширшов Имановдун унаасына отуруп кеткенин тартып калышкан. Иманов болсо муну мойнуна алган эмес.

«Кандай кызматташтык болушу мүмкүн, 12 жыл өттү го», — деген анда Иманов «Азаттыкка» маек куруп. 2026-жылы Иманов менен Ширшовдун кызматташтыгы айдан ачык белгилүү болду.