Мамлекет УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевге жакындыгы бар компанияга «натыйжасыз» 25 млн доллар кредит берген. Мындай билдирүүнү Эсеп палатасы айтып чыкты. Фирманын ээси Акылбек Маматов — анын үй-бүлөсү 10 жылдан бери күйүүчү май жеткирүүчү мамлекеттик тендерлерди утуп келет.

Эсеп палатасынын аудитору Алимжан Байгазаковдун айтымында, 2025-жылы минкаб Маматовдун «Альфа Ойл» (Red Petroleum АЗС түйүнү) компаниясына 7% үстөк менен 25 млн доллар кредит берген.
Бул күйүүчү майдын баасын туруктуу кармап туурууга арналган мамлекеттик атайын программанын негизинде болгон. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы орусиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорго урулган украин соккуларынан улам бензин кескин кымбаттап кеткен.
Кийин бул кредиттин пайыздык үстөгүн мамлекет өзү жаап берген.
«Кредит 7% менен берилген. Жети пайызын толугу менен мамлекет тарабынан жаап бергенбиз. Ошондо алар акчаны насыясы жок эле алган болот», — деди Байгазаков парламентте сүйлөгөн сөзүндө.
Ошол эле учурда, кредитке күрөө катары «Альфа Ойлдун» мүлкү эмкес, Мамлекеттик финансы холдингинин 250 мин долларга бааланган активдери коюлган. Башкача айтканда, эгерде компания кредитти өз убагында төлөбөй турган болсо, аны дагы мамлекет жабышы керек болот. Болбосо мамлекеттик финхолдинг мүлкүнөн айрылат.
Эсеп палатасынын аудиторунун айтымында, «Альфа Ойл» ташып келген күйүүчү майдын көлөмү базардын болгону 12-13%ын түзөт жана аталган компания «баанын туруктуулугуна чоң салым кошкон эмес».
«Эмнеге бир эле “Альфа Ойлду” таап акча бергенсиңер деген суроого бүгүнкү күнгө чейин жооп бере алышкан жок», — деп кошумчалайт Байгазаков.
«Альфа Ойл» айтылган сындарга, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компания рыноктун 40%ын көзөмөлдөп турганын жана кредитти ийгиликтүү пайдаланып, аларга тиешелүү АЗСте дефицит болбогонун айтып жооп берген.
Компаниянын пикири алгач 24.kg басылмасынын сайтына жарыяланган, бирок кийин өчүрүп коюшкан.
«Альфа Ойл» компаниясына кредит берүү сунушун Финансы министрлиги менен Экономика министрлиги жолдогон, ал эми токтомго минкаб кол койгон. өкмөт азырынча Эсеп палатасынын аудиторунун корутундусуна эч кандай комментарий бере элек.
Дагы бир кредит
Мунун менен эле бүтпөйт. 2026-жылы 28-апрелде парламенттин финансы, бюджет, ишкерлик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети минкабдын «Альфа Ойлга» 36 млн доллар кредит берүү тууралуу токтомун жактырган. Ал дагы 7% үстөк, 21 айга жеңилдетилген мөөнөт менен берилген.
Насыяны алууда кайрадан эле Мамлекеттик финансы холдинг кепилдик берген.
«Эгерде [Альфа Ойл мамлекеттик насыяны үстөгү менен] убагында төлөп бүтпөсө, биз [мамлекет] төлөшкө туура келет», — деп түшүндүргөн финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева.
Бул окуядан эки апта мурда «Альфа Ойлдун» кожоюну Акылбек Маматов «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» шектелип кармалган. Анткен менен 20 апрелде эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулуп, бирок укук коргоо органдары азырынча ага ачылган кылмыш иши кыскартылганын расмий жарыялай элек.
Буга карабай экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова өлкөнүн отун-энергетикалык коопсуздугу үчүн кредит берилиши керек экенине ынандырып, комитет аны колдоп берген.
Ташиевдин жакын адамы
Акылбек Маматов Red Petroleum АЗСтеринде күйүүчү май сатат жана УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын адамы деп саналат. Маматов 2026-жылдын аперль айына чейин Ташиев башкарып турган Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитетинин мүчөсү. 2024-жылы Ташиевдин үй-бүлөсү Маматовго Жалал-Абаддагы мунай базасын саткан. Ал эми Ошто Маматов жеке ишкер Жалил Атамбаевдин май куюуучу жайларын пайдаланып, бензин сата баштаган. Мунун алдында Ташиев жетектеген УКМКнын кызматкерлери Жалил Атамбаевди кармашкан болчу.
УКМКнын экс-төрагасына Акылбек Маматов гана эмес анын атасы Абдимуктардын дагы жакындыгы бар. Ал мурда Сузак районунда — Камчыбек Ташиевдин кичи мекенинде аким болгон. Абдимуктар Маматов 2026-жылдын кышында чуулгандуу «75 аксакалдын катына» кол койгондордун бири. Алар президент Садыр Жапаровго ордун Ташиевге бошотуп берүүнү кыйыткан кат жолдошкон. Кийин катка кол койгондор кармалып, Ташиев бардык кызматтарынан кетип, бийликти күч менен басып алууга аракет иши боюнча соттолгон.
Сентябрда Бишкек шаардык соту айыптоонун беренесин алмаштырып, «Шайлоо укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылууга» айыптаган. Бул иште сот Ташиев баштаган соттолуучуларга төрт жылга эркинен ажыратып, эки жылдык пробация колдонуу жазасын чегерген.
Кызыкчылыктар кагылышы
Маматовдордун үй-бүлөсү Ташиев келгенге чейин эле бийлик менен байланышы күчтүү болчу. 2010-2020-жылдар аралыгында Абдимуктар Маматов парламенттин Акча-насыя саясаты жана отун-энергетикалык комплекс комитеттеринин мүчөсү болгон. Бул аралыкта уулу Акылбектин компаниясы күйүүчү май жеткирүү боюнча 3900 мамлекеттик тендерди утуп, 1 млрд сомдон ашык пайда тапкан.
Бул кызыкчылыктар кагылышы экени айдан ачык: мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы боюнча, атасы жогорку саясий кызматта турган Акылбек Маматовдун компаниясы мамлекет менен соода алакасын жүргүзүүгө акысы жок болчу.
Бирок Маматовдор суудан кургак чыгышкан. 2012-жылы күйүүчү май аткезчилиги боюнча иш козголуп, УКМК Акылбек Маматовду айыптаганда деле ушундай болгон. Анда атайын кызматтан, ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 22 млн сом төлөп бергенин айтышкан болчу.





