Видео: Депутат Бакир уулу Израилдин желегин айрыды

Парламентарий Турсунбай Бакир уулу эл алдында Израилдин желегин айрып, өз тарапташтарын аны «даарат кагазынын ордуна пайдаланууга» чакырды. Еврей коомчулугунун өкүлдөрү депутаттын бул кылыгы улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козутат деп эсептешүүдө.

Өзүнүн антиизраилдик көз караштары менен белгилүү Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу акыркы айда палестин-израиль чыры курчуп кеткен Жакынкы Чыгыштагы абал тууралуу өз пикирин билдирди.

Парламентарий Израиль өлкөсүнүн желегин айрып, аны «даарат кагазынын ордуна пайдаланууга» чакырды.

«Мен палестиналыктарды колдоо боюнча комитеттин ар бир мүчөсү муну ажаатканада кагаздын ордуна пайдаланышын каалайм», — деди Бакир уулу.

Депутат сионизмди — еврейлерди бирдиктүү мамлекетке бириктирүү кыймылын — «фашизм» деп атап, анын бул сыяктуу акциялары улантылаарын кошумчалады.

Кыргызстандагы еврей диаспорасынын өкүлү Леонид Зеличенко депутатты «улуттар аралык кастыкты» козутуп жатат деп айыптады.

«Бакир уулунун акциясы антисемитизм менен улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козутушу мүмкүн. Анын бул аракети өкүнүчтү гана  жаратат», — деген ал «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде.

Аймактык талаш-тартыштар

Араб-израиль чыры — заманбап тарыхтагы эң узакка созулган чырлардын бири. XIX кылымдын аягынан бери Палестинада жашаган арабдар менен еврейлердин ортосунда аймактык талаштардан улам кагылышуулар болуп келет.

Чырдын азыркы фазасы бир ай мурун башталган — 30-июнь күнү Газа тилкесинин четинен бир нече күн мурун уурдалган үч еврей өспүрүмүнүн денелери табылган.

Израиль атайын кызматы балдардын уурдалышына ал аймактагы эң талаштуу жер болгон Газа тилкесинде жашаган палестиналыктарды айыптаган.

Бир нече күндөн кийин алыс эмес жердеги токойдон палестин өспүрүмүнүн жансыз денеси табылган. Өз кезегинде ал өспүрүмдүн ата-энеси уулунун өлүмүнө израилдиктерди айыптап чыгышкан.

Израилдин армиясы полестиналык «ХАМАС» уюмунун мүчөлөрү еврей турактарына кирип келип жатышкан туннелди жок кылууга багытталган «Бузулгус аска» деген аталыштагы согуштук операциясын 8-июль күнү баштаган.

Израиль ракеталары 30-июль күнү Газадагы БУУнун мектебин аткылагандан кийин кеминде 15 киши каза болгон.

Палестин булактарынын маалыматтары боюнча, операция башталгандан бери курман болгондордун саны 1600 кишиден ашты. Израиль тараптан 64 аскер кызматкери каза болгон.