Видео: Кыргызстандагы эң популярдуу инстаграмды түзгөн студент

19 жаштагы студент Эльдана — Кыргызстандагы эң популярдуу Инстаграм-эккаунттун ээси. Бүгүнкү күндө анын 16 миңден ашык окурманы бар.

Ал аптасына бир нече жолу эреже катары башкы ролду өзү аткарган күлкүлүү кыска видеолорду жайгаштырып турат.

Kloop.kg ал эксклюзивдүү маек берген алгачкы басылма болду. Албетте өзүнүн кайталангыс стилинде.

Блоггер Жоомарт Ормонбековдун пикири:

«Эльдана Сатыбалдиеванын боорду эзген күлкүлүү аккаунту болгон көйгөйдүн баарын унуттурат, силер күлүп жатып жарым сааттын же андан да көп убакыттын кантип өтүп кеткендигин билбей да каласыңар. Instagramга видеосервистин кошулушу Эльданага жакшы болгондугу даана көрүнүп туратанын 15 секунддук шедеврлери чындыгында эле күлкүлүү жана актуалдуу, анткени дайыма элди абдан кызыктырган маселелер тууралуу болот. Кыргыз ата-энелеринин жазалоолору жөнүндөгү «каардуу кыргыз» жана «көз тийди» деген даана эпикалык видеолору бар. Бизде кечки сатиралык шоу болгондо Эльдана анын көркүн ачмак. А азырынча кайраттуу кыздын ар бир жаңы 15 секундуна кубанып туралы».

Эльдананын Инстаграмдагы эккаунту: http://instagram.com/eldana_foureyes

МААЛЫМАТ: Бул материал жарыялангандан кийин бийчи Жан Воинов Эльданага караганда бир аз көбүрөөк окурмандарга ээ экендиги аныкталды. Бирок алар мезгил мезгили менен бири-биринен ашып турушкандыктан Kloop.kgнин редакциясы материалда жазылгандарды өзгөртпөй эле коюу чечимине келди.