Видео: Митингдерди кууп таратуу боюнча Дүйшөмбүдөгү машыгуулар

4-октябрда Тажикстан ИИМи Дүйшөмбүнүн борбордук аянтында митингдерди кууп таратуу боюнча пландуу машыгууларды өткөрдү. Жергиликтүү маалымат каражаттары иш-чара тууралуу элге күн мурун эскертилбегендиктен шаарда чыныгы демонстрациялар болуп жатат деген ушактар тарап кеткен.

Машыгуулар Тажикстандын бийлигинин «ВКонтакте», Facebook социалдык түйүндөрү, Mail.ru почта сервиси жана башка бир катар маалымат агенттиктери сыяктуу 200гө чукул сайтты тосмолоосунун фонунда болууда. Бийлик мындай кадамга жергиликтүү бийликтин митингге чыгуу чакырыктарынан кийин барган.

Тема боюнча: Тажикстанда социалдык түйүндөр менен «Википедия» тосмолонду