26-октябрда Бишкектеги Жеңиш аянтынын жанында автослалом форматындагы жарыштар өтүп, Латвиядан келген мотоциклисттер өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Иш-чара авто жана мотоспортко арналган — ал үчүн Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов жана Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жабылган.

Иш-чара автослалом — белгиленген аймак боюнча оор трассада убакытка жарышуу менен башталып, Латвиядан келген спортчулардын мотоцикл башкаруудагы чеберчиликтерин көрсөтүүсү менен аяктады.