29-ноябрда Бишкектин Түштүк магистралына эки сыналуучу спид-камералары орнотулду. Жабдууларды орнотуу менен алектенип жаткан компаниянын техникалык директорунун айтымында, жалпысынан шаар боюнча 2000ге чукул камера орнотулат.

Унаалардын ыламдыктарын өлчөй турган камералар «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулууда — жалпысынан Бишкек боюнча 2000ге чукул камера орнотулат.

Жабдууларды орнотуу менен алектенип жаткан «Деса Интернэшнл» компаниясынын техникалык директору Александр Дьячуктун айтымында, камералар унаанын орточо ылдамдыгын өлчөйт жана белгиленген чектен ашкан учурларда эреже бузуу тууралуу маалыматтар маалыматтык борборго жөнөтүлүп турат.