«Таза оппозициялык кыймылдын» мүчөлөрү Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдоп митинг өткөрүштү.

10-декабрда Бажы биримдигинин тарапташтары Орусия Федерациясынын Бишкектеги элчилигинин алдында Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоп акция өткөрүштү.

Активисттер өлкөнүн Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерине кошулуусунда Кыргызстанды колдоо өтүнүчү менен Путинге кат жөнөтүштү.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Номанжан Аркабаев Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстан биримдикке кошулгандан кийин белгилүү бир көйгөлөргө кабылышы мүмкүндүгүн, бирок кийин «көнүп кетээрин» айтты.

«Бажы биримдигине кирген соң башында Кыргызстанда белгилүү бир көйгөйлөр болот. Бул адамдын организминде жүрөк же башка органдарды алмаштыруу сыяктуу эле. Убакыт өткөндөн кийин көнүп калып жатпайбызбы, бул процесс дагы жакшы жакка өнүгөт», — деп билдирди ал.

Активист Светлана Пак Кыргызстан Бажы биримдигине кириши керек деп эсептейт.

«Биз бул акцияны Орусияны, Путиндин саясатын жана биздин өкмөттүн Бажы биримдигине кирип жаткандыгын колдоп өткөрүүдөбүз. Биз жалгыз жашай албайбыз. Башка каякка кирели? «Ислам мамлекетинеби»? Кытай менен биригелиби?» — деди ал.

Биримдиктин тарапташтарынын митинги биримдикке кошулуу маселесин чечүүдөн мурун курултай өткөрүү зарыл экенин билдирген оппозиция мүчөлөрүнүн басма сөз жыйынынын фонунда өттү.

«Биз жоопкерчиликтин бардыгын түшүнүшүбүз үчүн элитаны: президентти, депутаттарды, аксакалдарды, интеллигенцияны, саясий партиялардын лидерлерин чогулткубуз келүүдө. Биз моралдык жоопкерчиликтүү алууга чакыруудабыз. Ошондой эле президент, өкмөт жана депутаттар өлкөнүн тагдырына таасирин тийгизе турган жоопкерчиликтин бардык ооручулугун түшүнсүн деп аларды да чакырабыз», — деди «Жаңы Муун» кыймылынын өкүлү Мавлян Аскарбеков.

Кыргызстандын Орусия, Беларусь жана Казакстан тарабынан түзүлгөн Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы эле башталган, бирок ал идея өлкөдө ар түрдүү пикирлерди жаратып келет.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каржы болгон активисттердин тобу Бишкекте нааразычылык акцияларын өткөрүүгө аракет кылган, бирок аларга дайыма укук коргоо органдары тоскоолдук кылып келишкен.