10-февралда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) киришинин тарапташтары Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүштү. Активисттер Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу макулдашуунун ратификацияланышын бийлик атайылап создуктуруп жатат деп эсептешүүдө.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине киришин жактаган онго жакын активист 10-февралда митингке чыгышты — алар бийликти өлкөнүн биримдикке кошулуу процессин создуктуруп жатат деп айыпташты.

«Кыргызстандын таза оппозициялык кыймылынын» төрагасы Назарбек Нышанов Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүсү тууралуу келишимдин ратификацияланышын «каалабай жаткандыктарын» билдирди.

«Ал адамдар — Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов, ӨмүрбекТекебаев, Феликс Кулов. Алар болгон күчү менен ратификацияны ишке ашырбоого аракет кылып жатышат», — деди Нышанов Kloop.kgге берген маегинде.

«Славян маданиятынын борбору» коомдук бирикмесинин төрагасы Иван Иванов Кыргызстанда ЕАЭБдин ордуна башка альтернатива жок деп эсептейт.

«Тарапташтары сыяктуу эле каршы болуп жаткандар да көбүнчө бир тараптуу карап жатышат [ББга]. Ал үчүн Бажы биримдигинин кереги бар же жоктугу боюнча акыркы чечимге алып келе турган талкуулар болушу керек. Бирок биз ББга кирүү үчүнбү, анткени биздин республика үчүн биригүүгө башка эч ким жок», — деп билдирди Иванов.

ЕАЭБга каршы болуп келген жарандык активист Марат Мусуралиев Кыргызстандын бийлиги евразиялык интеграциянын тарапташтары менен каршылаштарына карата «кош стандарттуу саясатты» карманып жатат деп эсептейт.

«Кыргызстандын кайсыл бир жарандары акцияларды өткөрө алышпайт, а кайсыл бирлери пкеттери менен акцияларын өткөрө алышат. Мунун бардыгы демократияны көздөй багыт алган демократиялык өлкөдө болууда. Бул биздин өлкөнүн жүзүнө туура келбейт», — дейт Мусуралиев.

Анын айтымында, 2014-жылдын майынан бери укук коргоо органдары «Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» кыймылынын мүчөлөрүн 8 жолу кармап кетишкен.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу келишимге биримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин 24-декабрдагы жолугушуусунда президент Атамбаев тарабынан кол коюлган. Документ 2015-жылдын май айына чейин ратифицикацияланышы керек.