Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов жума намазы маалында Кара-Суудагы чоң мечитке келгендерди тынчтыкты бекемдөөгө чакырды. Анын билдирүүсү таасирдүү имам Рашод Камаловдун камакка алынышына байланыштуу.

Арипов өз билдирүүсүн Кыргызстандын түштүгүндөгү ири мечиттердин бири болуп эсептелген «Ас-Сарахсий» мечитине келгендердин алдында жасады. Ал мечиттин имамы Рашод Камалов «экстремизмге» жана «кыргызстандыктарды Сириядагы согушка үгүттөөгө» шектелип камакка алынган.

«Бүгүнкү күнү сиздердин мечитиңиздердин айланасында тынчтыкты, биримдикти бекемдөө, улуттар аралык ынтымакты сактоо, Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр келтирүү боюнча ушул кишиге кайрылыңыздар. Бүгүн бул кишини намаздын алдында силердин убактылуу имамыңар кылып дайындап жатам», — деди Ош облусунун казысы.

Ал мечитке келгендерге жаңы имам — Сүйүналы ажы Калыковду тааныштырды.

«Ушул киши күндө силер менен багымдат намазын окуйт, жума намазын бирге окуйт, көйгөйлөрүңүздөрдү угуп, ынтымагыңыздарды бекемдеп, чече алганын чечип, чече албаса бизге кайрылат. Бардыгыбыз тең ушул жердин тынчтыгы, биримдиги, ынтымагы үчүн иштей турган аракеттерди кылышыбыз керек», — деди Арипов.

Kloop.kgнин кабарчысы Шохрух Саиповдун билдирүүсү боюнча, намаз маалында мечиттин айланасында 50гө жакын милиция кызматкери жүрдү, алардын жарымы жарандык кийимчен болушкан.

«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Кара-Суудагы «Ас-Сарахсий» мечитинин айланасындагы тартипке көз салып, шаардыктардын коопсуздугун сакташты», — деди Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgге берген маегинде.

Кабарчынын билдирүүсү боюнча, мечитке жакын жерге блокпосттор орнотулуп, андагы милиция кызматкерлери ары-бери өткөн автоунааларды текшерип турушту. Милициянын маалыматы боюнча, буга чейин Камаловдун үйүн тинтүүгө алуунун алдында 500дөн ашык киши чогулуп, укук коргоо органдарына тоскоолдук кылууга аракет кылышкан.

Камаловдун кармалышы

Камалов 9-февралда кармалып, эки күндөн кийин тергөө абагына эки айга камалды. Имам Кара-Суу шаарындагы адам эң көп барган мечитте иштейт — анын «Ас-Сарахсий» мечитине жума намаздарында 5 миңге чейин адам келет.

Имам Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «диний кастыкты козутуу» жана «диний кастыкты козутууга байланышкан уюштуруучулук ишмердүүлүк» беренелери боюнча айыпталууда.

Анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева Kloop.kgге берген маегинде белгиленген баш коргоо чарасы боюнча сотко даттана тургандыгын билдирди.

«Судья келип, токтом чыгарып туруп кетип калды. Алар биздин сотко ишембөөчүлүк көрсөтүшүбүз мүмкүн деген фактыга көңүл буруп да коюшкан жок. Рашодхон эки айга камакка алынды. Бул чечим боюнча биз жогорку баскычтагы сотко кайрылабыз», — деди жактоочу.

Ички иштер министрлигинин Онунчу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Раим Салимов маалымат жыйынында Камалов кыргызстандыктарды Сириядагы согушка террористтик «Ислам мамлекети» уюму тарапта согушууга үндөгөн деп шектелип жаткандыгын билдирди.

Салимов шектенүүгө мечитке барып жүргөн ондогон адамдардын имамга карата даттангандыктары негиз болгондугун айтты.

«Камаловго каршы Кара-Суу менен ал өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн башка жактардан да көрсөтмө бергендер бар. Алар мечитке келип кеткен адамдар дээрлик зомби болуп калып жаткандыктарын айтышкан», — деди Салимов.