Бишкек бийлиги маршруттук таксилердин шаардын борборундагы кыймылын чектей турган коомдук транспорттун жаңы жүрүү схемасын сунуштады.

Муниципалдык органдардын версиясы боюнча, Москва, Абдрахманов (Советский) көчөлөрү жана Чүй, Манас проспектилери менен чектелген аймакта маршруттук таксилердин жүрүүсүнө тыюу салуу сунушталууда.

Шаардын көрсөтүлгөн бөлүгүндө маршруттук таксилердин ордуна автобустар менен троллейбустар гана жүрүшөт.

Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болот Мамышев Kloop.kgге берген маегинде учурда Бишкекте 140ка чукул автобус жана 95 троллейбус каттамдарды тейлеп жаткандыктарын билдирди.

Анын айтымында, эгер иштебей турган транспорт каражаттарын оңдоп-түзөөдөн өткөрсө троллейбустардын санын 120га, а автобустардын санын 160-170ке чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Kloop.kgнин кабарчылары сүйлөшүп көрүүгө аракет кылган маршруттук таксилердин айдоочулары берилген суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты, бирок шаар бийлигинин жаңы демилгеси ишке ашса «жаман гана боло тургандыгын» белгилешти.

Мамышевдин айтымында, коомдук транспорттун жүрүүсүнүн жаңы схемасынын акыркы версиясы 2015-жылдын мартында сунушталат, а аны ишке ашырууга мэрия үстүбүздөгү жылдын «жай мезгилине жакын» киришет.