Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кол салгандардын ким экендигин аныктоо үчүн кыздын сабалышы тартылган видеодо маалыматтын өтө эле аз экендигин билдирди. Видео 14-февралда жарыяланган — анда кыргыз тилинде сүйлөгөн бир нече бала кызды сабап жаткандыктары тартылган.

Кыргыз милициясы видеого тартылган кыздын сабалышы боюнча болжолдуу тергөө иштерин баштады, деп билдиришти Kloop.kgге Кыргызстандын ИИМинин Москвадагы өкүлчүлүгүнөн.

Бирок Кыргызстандын ИИМинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, милицияга маалыматтар жетишсиз болууда — кол салгандардын ким экендигин аныктоо кыйынга турат, окуянын качан жана кайсыл жерде болгондугу так белгисиз, жабырлануучу тараптан арыз да жазылган эмес.

Болгону кол салгандардын кыргыз тилинде сүйлөгөндүктөрү жана кыздын бети канга боелгондугу гана белгилүү.

Видеону «Вечерний Бишкек» жаңылыктар басылмасына жөнөткөн Ысмайыл аттуу колдонуучу кызды «мигранттар» сабап жаткандыгын жазган — бирок окуянын кайсыл өлкөдө болуп жаткандыгы тууралуу так маалымат жок.

«Болгону кыйкырык, кыз кыйкырып жатат. Мүмкүн кыз башка улуттагы кыздыр. Анда балдар кызды кыргыз тилинде сүйлөп сабап жатышат. Биринчиден, алардын ким экендиктерин аныкташыбыз керек, андан соң кайсыл жакта сабагандыктарын тактайбыз. Азыр эч нерсе жок, арыз дагы, жабырлануучу дагы. Окуянын Москвада болгондугунун эч кандай белгиси жок», — деди Кыргызстандын ИИМинин Орусиядагы өкүлү.

Алиев маалыматтын жетишсиздигинен улам кылмыш иши козголбогондугун кошумчалады — ал кыргызстандыктар менен мигранттарды кызды таанып, анын ким экендигин аныктоого жардам берүүгө чакырды.

Кыргыз ИИМинен кол салуу фактысы Кыргызстандын аймагында болбогондуктан ишти карай албай тургандыктарын билдиришти.

Кыздын сабалышы тартылган видео 14-февралда жарыяланган — ал дароо эле колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жаратып, ага катышкандар негизинен кызга кол салгандарды сындап, аларды айыпташкан.

«Силер келесоосуңар. Мекендеш кызды эмнеге сабаш керек. Муну менен силер эмнеге жетишесиңер?! Силер өз мекендештериңерди коргошуңар керек, а силер эмне кылып жатасыңар!? Акмактар!!! Силер эркек эмессиңер, адам эмессиңер!!! Мындан кийин силердей мекендештер менен кимдин жүргүсү келсин?!” — деп нааразычылыгын билдирген «Сволочь» деген ысым менен катталган колдонуучу.

Зарина аттуу колдонуучу видео боюнча пикирин бир аз радикалдуураак түрдө билдирген. Ал коммерциялык секс кызматтарынан пайдаланган же чет өлкөлүктөргө тиешеси бар эркектердин бардыгын тең сабоону сунуштаган.

«Келгиле чет өлкөлүк аял алган же чет өлкөлүктөргө тиешеси бар болгон балдардын бардыгын сабайбыз!!! Келгиле, түнкү көпөлөктөрдүн кызматынан пайдаланган эркектердин бардыгын сабайлы!!! Орусияда орустар менен жашаган кыргыздар толтура. Эмнеге алар эркектерге кол салышпайт?» — деп суроо салган ал.

Биринчи жолу эмес

Өткөн жылдын декабрында интернетте болжолдуу түрдө Кыргызстан менен Тажикстандан барган мигранттар «улутту кемсинткендиктери үчүн» деп эки кызды сабап жаткандыктары тартылган видео пайда болгон.

Ал видеодо жабырануучулардын бири секс-жумушчусу экенин мойнуна алып, аны жазалабоосун өтүнүп жаткандыгы тартылган, аны менен катар анда кадр сыртындагы эркек анын курбусу Орусияда «тажик улутун кемсинткендигин» айтып, кыжыры келгендиги угулуп турат.

2013-жылдын декабрында интернетте Кыргызстандан барган мигранттардын катышуусундагы видео пайда болгон. Анда алардын «тажиктер жана өзбектер менен болгон байланышы» үчүн деп, мекендеш кызды сабап жаткандыктары тартылган.

Ал видеодо балдар кызды уруп, тепкилешкен, жооп катары кыз «тажиктер, өзбектер менен эч кандай байланышта болбогондугун» айткан.

Ушул сыяктуу дагы бир видео интернетте 2012-жылдын мартында пайда болгон. Анда өздөрүн «Патриот» кыймылы деп атаган эркектер бир кызды «бузуку жүрүш-турушка» айыптап, аны суракка алып жаткандыктары тартылган.